СТЕМ «Илим кыз» интерактивдүү мектеби өз ишин аяктады

May 27, 2020, 09:21

Үстүбүздөгү жылдын  6-майынан бери өз ишин  «zoom», Мегаком  билим берүү платформасында онлайн жүргүзүп жаткан  СТЕМ “Илим кыз” интерактивдүү мектеби 26-май күнү жыйынтыкталды.  14 күнгө созулган аталган  мектептен республиканын  бардык аймактарынан  жогорку класстарда окуган  200 окуучу кыз  билим алышты. Бул программа кыздарга техникалык англис тили, IT,  инженердик билим  багыттары боюнча сабактарды  алууга абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдү берди. Ошондой эле  жогорку класстарда окуп, келечек кесибин аныктоо алдында турган кыздар үчүн  чоң мотивациялык мааниге да  ээ болду.  СТЕМ “Илим кыз” интерактивдүү мектеби  “Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана И.Раззаков атындагы КМТУ тарабынан  беш жыл катары менен уюштурулуп, өткөрүлүп келе жатат. Мектептин максаты : Кыргызстандын кыздарын келечекте эң  керектүү, жогору акы төлөнө турган  жана баалуу болуп эсептелген техникалык жана инженердик кесиптерге багыт берүү болуп саналат.



Мектептин бүтүрүүчүлөрүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева  КР Республикасынын экс-президенти, Фонддун негиздөөчүсү  Р.И.Отунбаеванын атынан куттуктады жана бул мектеп кыздардын өнүгүүсүндө, алардын максаттарына жетүүсүндө  өзүнүн жакшы жыйынтыгын берээрине ишене турганын билдирди. Ошондой эле Д.Кендирбаева кыздарга сабак өтүшкөн чет элде  окуп, иштеп жаткан  кыргызстандык адистерге,  бул жактагы устаттарга, окутуучуларга  ыраазылыгын айтып,  мектептин иши келээрки жылы да улана турганын белгиледи. КМТУнун Кыргыз-Герман Техникалык Институтунун директору, профессор  А.Усупкожоева  мектептин катышуучуларын куттуктап, ал да  спикерлерге өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.


Иш чара учурунда интерактивдүү мектептин окутуучулары жана угуучулары да өздөрүнүн сунуштары жана ойлору менен бөлүшүштү.  Германияда  экономист-программист болуп иштеп жаткан,  “Илим кыз” мектебинин менторлорунун бири  Акбекова Айзада  бул мектепке айылдык кыздарды көбүрөөк тартуу керек деген сунушун билдирди. “Илим кыз” мектебинин спикерлеринин бири, Гарвард университетинин студенти Айбилек Алдаярова мектептин катышуучуларына ийгиликтерди каалап,  IT  багыты боюнча  кыздардан көптөгөн адистердин  өсүп чыгаарына ишенээрин айтты. Ал эми  КМТУнун “Машина куруу” кафедрасынын магистранты, инженердик билим багыты боюнча  спикер Айчолпон Макенова  кыздарга техника чөйрөсүндө иштөө абдан кызык экенин айтып, аларды бул багыттагы кесиптерди тандоодон  коркпоого чакырды.


Аталган мектептен билим алышкан окуучу кыздар   уюштуруучуларга жана окутуучуларга ыраазычылыгын айтышты жана  СТЕМ мектеби алар үчүн кесип тандоо жолунда  күчтүү мотивация бергенин  белгилешти. Бүтүрүүчү кыз  Айжаркын Октябрьева өз сөзүндө “Илим кыз” мектеби менин көз карашымды өзгөрттү,  рахмат сиздерге деди.