"Изучаем наш Кыргызстан" #9: Бишкек шаары

May 23, 2020, 09:03

Эркинай менен Бекжанга  жана алардын ата-энесине кошулуп өлкөбүздүн 7 облусуна саякаттап бул аймактардын  кызыктуу, көзгө урунарлык жактары, өзгөчөлүктөрү менен тааныштык.


Албетте, биздин борбор шаарыбыз  Бишкек жөнүндө да бир аз айтып берели деп чечтик.


Бишкек шаарында  көптөгөн улуттук парктар, театрлар, музейлер, китепканалар, маданий үйлөрү жана башка маданий эс алуу мекемелери бар экени талашсыз.


Биздин сүйүктүү ырчы Юлия Руцкая эжекебиз бул чыгарылышта бизге каармандардын Бишкектеги бир күндүк гана сейили жөнүндө баяндап берди.

 

Юлия бул чыгарылыштын соңунда конкурс өткөрүүдө, ал конкурска сиздер активдүү катышып, биздин борборубуз Бишкектин дагы көптөгөн кызыктуу, өзгөчөлүү кооз жерлери жөнүндө баяндап бересиздер деген ишеничтебиз.

 

Юлия Руцкая  жарыялаган конкурстун шарттары:


1. Биздин @bilimfestkg баракчабызга катталуу жана барагыбыздын постторуна лайк басуу;
2. Бишке шаарынын  дагы кооз жерлеринин (бул бөлүмдө тааныштырылгандардан сырткары) сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштыруу;
3.  #ИзучаемнашКыргызстанБишкек - хештегин жайгаштыруу  зарыл;
4. Албетте, ал жер туралуу бир аз маалымат берүү.


Мыкты 10 сүрөттүн авторлору - Юлия Руцкая эжекебиздин  кол тамгасы менен   бул китепти белекке алат.


Конкурстун жыйынтыгы 2020-жылдын 30-августа жарыяланат.


Мекениңди тааны, сүй жана сакта! 




"Изучаем наш Кыргызстан" китеби (авт. А.Капалова) жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада.


"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Саякатка даярдануу.

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Баткен облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ош облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Жалал-Абад облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ысык-Көл облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Нарын облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Чуй облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Талас облусу

"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Бишкек