СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектеби болуп өтөт

May 5, 2020, 22:16

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ жана И.Раззаков атындагы КМТУ Кыргыз Республикасында СТЕМ билим берүүнү өнүктүрүүнүн жана кыздарды инженердик адистиктерге тартуу максатында үстүбүздөгү жылдын 6-майынан тартып  25-майга чейин СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» интерактивдүү мектебин өткөрөт.


Белгилей кетсек, СТЕМ «ИЛИМ КЫЗ» мектебин  Фонд 2015-жылдан бери И.Раззаков атындагы КМТУнун Кыргыз—Герман техникалык институтунун базасында ийгиликтуу өткөрүп келе жатат.
СТЕМ «Илим кыз» онлайн мектебинин максаты: Кыргыз Республикасында кыздардын илим багытындагы кесипти тандоосуна багыт берүү.  

Мекептин жүрүшүндө кыздардагы техникалык дисциплиналарга карата кызыгууну ойготуу,  сын көз караштагы ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, өз күчүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана  лидерлик көндүмдөрүн калыптандыруу ж.б. милдеттери коюлган.


Дүйнөлүк экономикалык иликтөөлөрдүн негизинде келечекте эң бааланган жана жогору акы төлөнгөн иш орундары  илимге, математикага, инжнерликке, технологияларга байланышкан кесиптер  болоорун далилдешти.


Албетте, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаева  таамай белгилеп өткөндөй, “COVID -19  дүйнөлүк пандемия адамдарды сактап калуу үчүн илимди өнүктүрүүнү, илимий ойлоп табууларды, ачылыштарды жасоонун зарылдыгын тактады. Бул жагдайдан караганда биз сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн жаштарды , айрыкча кыздарды илимге багыттоо иши өтө маанилүү.  Анан калса  жакынкы аралыкта ондогон кесиптер өз актуалдуулугун жоготуп, акыл эмгегине,  жаңы технологияларга таянган кесиптердин жаралышы күтүлөт”.



Ал эми Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим министри  К.А.Исаков  “Бүтүрүүчүлөрдүн, айрыкча кыздардын СТЕМ  багытында сапаттуу билим алуусу үчүн колдон келген бардык шарттарды түзөбүз” деп белгиледи.


“Илим кыз” он-лайн  мектептин жүрүшүндө  СТЕМ багытында иштеген таасирдүү окумуштуу мугалимдер жана чет өлкөдөгү СТЕМ багытында иштеген жана окуган, ири ийгиликтерге жетишкен Акбекова Айзада, Алдаярова Айбилек, Муратбекова Толгонай, Нуралиева Элнура ж.б.  катышып, кыздарды шыктандырган ойлору жана билими менен бөлүшөт.


Аталган мектепке Кыргызстандын облустарынан 10-11-класстарда окуган  200 жакын кыздар катыша алышат. Ала 14 күн бою  «zoom», Мегаком  билим берүү платформасында онлайн-окутулат.


Бул демилге өлкөбүздө кыздардын илимге келишине өбөлгө  болот деп ишенебиз.