"Кыргызстаныбызды кыдырабыз": Ош облусу

May 4, 2020, 22:43

Кыргызстаныбыз боюнча саякатты Ош облусу жөнүндө маалымат алуу менен улантабыз.


Биздин Эркинай жана Бекжандын үй бүлөсү Баткен менен таанышкандан кийин  абдан көп тарыхый мураска бай болгон Ош облусун кыдырышат. Алардын абдан кызыктуу саякаты жөнүндө бизге  Алмаз Шер окуп  берүүдө.

 

Алмаз Шер жарыялаган конкурстун шарттары:


1.  Биздин @bilimfestkg баракчабызга катталуу жана баракчабыздын постторуна лайк басуу;
2. Ош облусунун  дагы кооз жерлеринин (бул бөлүмдө тааныштырылгандардан сырткары) сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштыруу;
3.  #КыргызстаныбыздыкыдырабызОш - хештегин жайгаштыруу  зарыл;
4. Албетте, ал жер туралуу бир аз маалымат берүү.



Мыкты 10 сүрөттүн авторлору - Алмаз Шердин  кол тамгасы менен   бул китепти белеке алат.



Конкурстун жыйынтыгы 2020 жылдын 30 августа жарыяланат.


 

Мекениңди  тааны, сүй жана сакта!




"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китеби (авт. А.Капалова) жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада.