"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китебин аудио жана видео окуу

May 1, 2020, 21:05


Кымбаттуу  жаш достор,  ата-энелер жана  чоң апа, чоң аталар!

Урматтуу педагогдор!


Баарыбыз аргасыз үйдө отуруп калган карантин маалында  биз “Кыргызстаныбызды кыдырабыз” китебинин  каармандары Эркинай менен Бекжанга  жана алардын ата-энесине кошулуп  өлкөбүздүн 7 облусуна саякаттап,  бул аймактар үчүн  “визиттик карточка” болгон   кызыктуу, көзгө урунарлык жактары, өзгөчөлүктөрү менен таанышууну чечтик. Бул иште бизге  китепти окуп жана  ар бир бөлүмдүн соңунда  сынактарды жарыялаганга белгилүү жана таанымал инсандар жардам беришти.


КР Президенти 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялаган.


Ошентип,  ар бири 8-10 мүнөттөн турган,  өлкөбүздүн кооз картасы  түшүрүлгөн  9 роликти жасадык.


Бул китеп  сиздин  балаңыз үчүн Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгүнүн кооз дүйнөсүнө  карай жетелеген  алгачкы  жол баштагыч болсун.


Күн сайын  биздин өлкөнүн  жаңы аймагы менен таанышабыз, кулактандырууларды байкаңыздар!!!


Биздин саякаттын урааны: «Мекениңди  тааны, сүй жана сакта!»


Анда эмесе, саякатыбызды баштайлы!!!


Орус тилиндеги роликтер даярдалып жатат, жакынкы арада көрө аласыздар!



"Кыргызстаныбызды кыдырабыз" китеби (авт. А.Капалова) жөнүндө тоолук маалымат төмөнкү ссылкада



P.S. Жеринен барып тартып алууга мүмкүн болбогондуктан (карантин), кээ бир кадрлар  тигил же бул аймакка байланбайт,  иллюстративдик  мүнөзгө ээ.