Экс-президент Отунбаева дарыгерлерге пенсиясынан 1 млн. сом которот

April 2, 2020, 09:53

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева өзүнүн пенсия топтомунан 1 миллион сомду коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине которуп бермей болду. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева 2-апрелде билдирди:

«Өз өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан алдыңкы линиядагы дарыгерлерди колдош үчүн которуп жатат. Экс-президент өзүнүн кадыр-баркы менен башка өлкөлөрдөн экспресс-тесттерди тез алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан. Бирок, аны тез чечүүдө авиакаттамдардын токтотулушу, мамлекет аралык расмий келишимдин зарылдыгы сыяктуу маселелер чыккандыктан, каражатты дарыгерлерди колдоого которуп жатат. Кыргызстанда Роза Отунбаевадан да көп пенсия алгандар бар, ошолор да экс-президенттин жолун улайт деп ойлойм».

Кендирбаеванын айтымында, «Роза Отунбаеванын демилгелери» фондунда иштеген башка пенсионерлер да бир айлык акчасын которуп жатышат.

2018-жылы экс-президент Отунбаева пенсиясынан 1 миллион сомду Журналисттик иликтөөлөр фондун түптөөгө алгачкы салым катары которгон. Аталган фонд иликтөөчү журналист Улан Эгизбаев каза болгондон кийин иликтөө журналистикасын калыптандырууга салым кошуу максатында түптөлгөн.

2-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 116 учур катталды, алардын бешөө айыгып чыкты. 


Источник