Жазгы Нооруз майрамыңар менен!

March 21, 2020, 00:00

Урматтуу Кыргызстандыктар!


 

Жаркыраган ушул жаз күнүндө аруулуктун, жаңылануунун, жалпы журт баш кошуп бирге өткөрө турган, элибиздин жыл бою күтүп жакшылыкка ыроологон «Нооруз» майрамын тосуп олтурабыз. Бардыгыңыздарды Улуу “Нооруз” майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Нооруз майрамын биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою белгилеп келишкен.

 

Күн менен Түндун теңелгенин байыркы бабаларыбыз Теңирдин улуу үлгүсү - желин жарылып сүт чыгып, үйгө береке кирип, жаңы жыл келди, табият кайра жаңырды деп кабыл алышкан. Ушул күндөн баштап жерден тоң кетип, жер жарылып көк чыгып, жанданды деп ыйык тутушкан. Бул күнү жаңы жыл Жаңы Ырыс чачат, жаңы Тилек берет, Адам үмүтү узарат, дөөлөт, насип күтөт деп ишенишкен. Демек, бул Табияттын өзү үлгү кылып, белги жиберген улуу майрам. Калайык калк бул күндү тазалыктын, аруулуктун, умут-тилектин майрамы катары белгилеп келишкен. Нооруз күнү ата-бабалар кайнаткан сүмөлөк бүгүн да кайнатылып, таттуу кыялдар менен алдыда берешен, бакубат турмуш болсун деген тилектерин айтышат.

 

Урматтуу мекендештер!


Нооруз келгенде баардыгыбыз келечекке көз жүгүртүп эң бийик жана таза ой-тилектерибиздин кабыл болуусун каалайбыз. Албетте алардын ишке ашуусунун негизги шарты биздин күжүрмөн эмгегибиз жана журт арасындагы ынтымагыбыз.



“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фондунун
негиздөөчүсү жана жалпы жааматынын атынан