Биз дистанциялык иштөө режимине өтүп жатабыз

March 17, 2020, 23:20

Бир нече күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Covid-19 коронавирусун пандемия деп жарыялады, өлкөлөр чек араларын жаап жатат, дүйнөнүн көптөгөн шаарларында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

 

Биз пандемияга кабылдык, ал биздин күндөлүк турмушубузга өтө таасир этти. Кыйчалыш этапта бардыгыбыз өзүбүз жана өзүбүздүн жакындарыбыз жөнүндө камкордук көрүшүбүз маанилүү. Команданын мүчөлөрүнүн, биздин өнөктөрүбүздүн, биздин иш-чараларыбыздын катышуучуларынын жана меймандарынын ден соолугу жана бакубаттуулугу биринчи кезектеги милдет, ошондуктан биз дистанциялык иштөө режимине өтүп жатабыз.

 

Бизге өкүнүчтүү болуп жатат, бирок бардык пландаштырылган иш-чаралар, тренингдер жана жолугушуулар башка убакка которулат – биз силерди оору жугузуп алуунун минималдуу тобокелдигине да дуушарланткыбыз келбейт. Азыр биз семинарларды жана тренингдерди, консультацияларды онлайн режиминде өткөрүү жагынан иш жүргүзүп жатабыз.

 

Биз пландаштыргандарды өткөрүү планынан баш тартпайбыз, бирок жаңы даталарды тандайбыз. Ошондуктан биздин анансторубузга жана жарыяларыбызга сөзсүз көз салып тургула.


Байланышта кала беребиз! Өзүңөрдү жана өз жакындарыңарды сактагыла!