Кадамжайдагы мектептерде балдардын тамак ашына сатып алуу боюнча салыштыруу жана сурамжылоо жүргүзүлдү

February 25, 2020, 19:18

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2014-жылдан бери БУУ бүткүл Дүйнөлүк Азык Түлүк Программасынын “Кыргыз Республикасында башталгыч мектептерге тамак-аш программасын оптималдаштыруу” программасынын алкагында иш алып барып келет.


24-февралда Фонддун эксперттери Кадам Жай районундагы (Баткен облусу) мектептердин тамак ашына сатып алуу процессин карап чыгып, өз алдынча сатып алуу жүргүзүп жаткан мектептердин ишмердигине салыштыруу жана талдоо жүргүзүштү.


Жергиликтүү фермерлердин өндүргөн айыл-чарба азыктарынын түрү жана көлөмүн аныкталып, өндүрүлгөн азык түлүк продуктыларынын азыркы учурдагы сатуу абалы  изилденип,  мектеп директорлорунун ишмердигин салыштыруу жана сурамжылоо жүргүзүлдү. Фонддун эксперттери мектеп тамак ашына пайдалануу  мүмкүнчүлүктөрү боюнча Билим берүү жана Илим министрлигине, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарын айтышты.