Түркия мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүүдө. 2-бөлүк.

February 24, 2020, 21:54

16-февралдан 18-февралга чейинки сапардын программасы жөнүндө материалдын биринчи бөлүгү мурдагы макалада, шилтеме боюнча:  https://dev.roza.kg/press-center/news/5482



19-февралда делегация Кучукчекмедже Муниципалитетиндеги “Папатия” балдар бакчасына барды, ал, башкаларга салыштырганда, чоң аянтка ээ. Балдар бакчасынын аймагында кемпинг үчүн участоктор, өрдөктөрдү, коендорду жана башкаларды багуу үчүн участоктор, өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн участоктор бар жана кала берсе токочторду бышыруу үчүн мештер бар. Ушунун бардыгы балдар бакчасынын директору Булент Идемирдин аркасында болду, ал өзүнүн ишин жана балдарды ушунчалык жакшы көргөндүктөн бакчанын шарттарын жакшыртуу үчүн бардыгын жасайт. Анын айтымында, ал 18 жылдан бери бала бакчада эмгектенип келатыптыр. Үч кесиптин ээси: мектепке чейинки билим берүү педагогу, менеджер жана электрик. Ал бала бакчасындагы эркекке таандык бардык иштерди өзү жасаарын айтты. Электр энергиясына тийиштүү иштерди эч кимге жалдырабай эле өзү оңдоп-түздөп алат экен. Ишке кирбей жөн эле жаткан бала бакчанын жер төлөсүн ремонттоп, балдарга ылайыктап бөлмөлөргө бөлүп, жаркыратып салыптыр. Жада калса балдар үчүн оюнчуктарды өзү жасап, кызыктуу программаларды дагы өзү түзөт экен. Бул бала бакчада 16 класста 15-16 баладан билим алышып, жалпы 300 бала камтылган.



Түркияда 1 жаштагы балдардын саны 230 миңди түзсө, 5 жаштагы балдардын саны деле 230 миң. Мен келгенде аба алмашуу системасы иштечү эмес, оңдоп алдым. Бала бакчанын жетекчиси техникалык иштерди, бухгалтерияны, негизгиси өз кесибин жакшы билиши керек. Бала үйүн кантип таап барыш керек боюнча программа иштеп чыктым. Ал оюн менен бала санаганды, үйүн адашпай тапканды үйрөнөт, айлана-чөйрөнү таануусу күчөйт. Биз эч кимден эч нерсе күтпөй эле өзүбүз иштей беребиз, – деди жетекчи. 2018-жылы Булент Идемир Кыргызстанга дагы тажрыйба алмашуу боюнча келип, Кыргызстанда балдардын эрте куракта өнүгүүсүнө арналган форумга катышып жана Бишкектин кээ бир бала бакчалары менен таанышып кеткен.



Кийиники күнү  топ Бакыркей Муниципалитетиндеги аялдар колониясынын аймагында турган “Адалет” (Адилет) балдар бакчасына барды. Бул өзүнчө түрдөгү кайталангыс долбоор, алардын айтымы боюнча, дүйнөдө мындай балдар бакчасы жок. Бала бакча Адилет жана Билим берүү министрлигинин келишиминин негизинде ачылыптыр. 2 жаштан 6 жашка чейин 12 өлкөнүн жарандарынын балдары менен түрмө кызматкерлеринин балдары кошо тарбияланышат экен. Жалпысынан 58 бала тарбияланат экен. Сабак үч ай бою түрк тилинде окутулат. Искусство, табигый илимдер ж.б.у.с. ийримдерде балдар билим алып, килем токуганды, кондитердик таттууларды жасаганды, кышка керектүү тамак-ашты камдаганды үйрөнүшөт экен. Балдар жаза аткарган мекемеде болгон үчүн, ал жерде тамак жей алышпайт, ошон үчүн бала бакчада үйдө тамак жегендей кылып шарт түзүлгөн. Ар бир экинчи күнү балдар атка минишсе, үчүнчү күнү улуттук бийлерди үйрөнүшөт экен. Ошондой эле шахмат, баскетбол ойноп, бассейнге барып ден соолуктарын чыңдашат. Балдардын социалдашуусу үчүн аларды көп жерге алып чыгышарын адистер айтышты. Энелеринен балдарды эртең менен саат 8.00 сабакка алып келип, кечинде 16.30 бала бакчадан алып кетет экен.



Энелер турган казарма эки кабаттуу, ар бир бөлмөдө экиден аял турат. Ошондуктан балдар энеси менен алты жашка чейин чогуу болот. Энесинин уруксаты жок баланы бир дагы тууганы алып кете албайт. Алты жашка чыкканда туугандары жоктор Балдар үйүнө жөнөтүлөт, ал эми атасы бар балдар үйлөрүнө барып, мектепке киришет. Бул бала бакчанын ачылганына беш жыл болду. Балдар түрмө экенин билишет, биз аларга үй деп айтабыз. Билим берүү министрлигинин стандарты менен окутулат. Жаңы ыкмалардын баарын пайдаланып окутабыз. Негизи бала энесиз эркин жүргөнчө, апасы менен чогуу болгону жакшы, – деди бала бакчанын жетекчиси Арзу айым. Балдар эч нерседен кем болбой багылып жатканына күбө болдук. Түркиядагы колунда бар адамдар аты-жөнүн айтпай эле кайрымдуулук кылып турушат экен. «Бактылуу планка» деген өзүнчө чакан складда балдарга деп келген белектер, т.а. оюнчуктан баштап кымбат баалуу кийимдер, канцелярдык товарларга чейин сакталып турат.


Ушул эле күнү делегация Башакшехир муниципалитетиндеги Бахчашехир атындагы бала бакчанын иши менен таанышышты. Бала бакча 1997-жылы ачылган, бакчада 9 группа бар ар бир группада 20 бала, жалпы 180 бала тарбияланат. Бул бала бакча 2019-жылы Сентябрь айында Финляндияда өткөн токой жана фермокультура боюнча конкурста 10 эң күчтүүлөрдүн арасында болушкан. Булардын принциптери Табият менен чогу жашоо жана азык-түлүктү, топуракты, көчөттү кантип коргоп жана туура иштетүү.


Иш-сапардын акыркы күнүндө делегация  Сарыйер муниципалитетиндеги күндүзгү б.б барышты. Сарыйер муниципалитетинде бардыгы 7 бала бакча бар. Аз камсыз үй-бүлөлөрдү муниципалитет камсыздайт. Бала бакча толук күн иштейт. 3-6 жашка чейин балдар бар, жалпы саны 45 бала. Спорт, драма, йога деген сабактарга басым жасалат. Билим берүү министрликтин окуу программасы менен иштейт. Өзгөчөлүгү тамак-аш кейтеринг түрүндө бала бакчага меню боюнча жеткизилип турат. Ар бир группада 15 бала бар жана 1 тарбиячы, 1 жардамчы бекитилген. Программадан тышкары делегация ушул Сарыйэр муниципалитетинде жайгашкан 2чи бала бакчага барып, иш алып баруусу менен таанышышты. Бул бала бакчада 3-6 жаштагы 50 бала тарбияланып, аларга жаныбарларды таануу, анатомия деген сабактарга көбүрөөк басым жасалат экен.


Бакчалар дээрлик бири-бирине окшош: бала аз, ар бир сабак ар башка нукта балдарга окутулат, ар бир бала бакчада Ата-Түрктүн өмүр жолун баяндаган бурчтар, сөзсүз түрдө улуттук аспаптардын көрүнүшү жана албетте даамдуу түрк чайы менен шириндиктерини болушу.


Андан соң топ 500 000 адамы бар Эсенлер муниципалитетине жол алышты. Эмма Билтажи атындагы Эне жана бала, Чоң аталар жана неберелер борборлоруна бир көчө жөө басып келди. Көрсө, бул Балдар көчөсү экен. Бул тарапка бир дагы унаа кирбейт. Балдар эч нерседен коркпой кенен ойношот. Бала бакчада 3-6 жаштагы 50 бала бар. 6-12 жашка чейинки балдар ошол эле борбордун ичиндеги Балдар чыгармачыл борборунда билим алышат. Ушул борбордун ичиндеги чон-ата жана чон-эне комплекси, чон-аталар, энелер балдарга келип китеп окушат жана ошону менен бирге муун ортосундагы байланыш күчөйт. Борбордун ичинде мындан тышкары театр, кинозал, китепкана жана 3 сааттык чондор учун окуулар бар. Эне жана бала комплексинин иштегенине алты жыл болуптур. 4-6 жаштагы 400 бала бекер билим алышат. Ар бир тайпада 25 баладан ашпайт. Энелер саат 9-11, 11-13, 14-16 чейин алып келип, ар түрдүү ийримдерге балдарын берип коюп, өздөрү дагы самын жасоо, кондитердик жактан билим алышат экен.


Ошол эле кечте сапардын катышуучуларына сертификаттарды расмий тапшыруу болуп өттү, ал жерде  сапарды уюштургандыгы үчүн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB) Башкы катчысы Фахри СОЛАКка ыраазычылык билдиришти.


Ишемби күнү 22-февралда делегация Стамбул шаарынын ажайып жерлери менен таанышты. Султан Ахметте, Айя София өндүү кооз жерлерде болушуп кечинде Кыргызстанга жол тартышты.




Кошумча маалымат: Тажрыйба алмашуу сапары 5-жылдан бери Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB), Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агентигинин (ТИКА), Стамбул жана башка шаарлардын муниципалитеттеринин, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин жана билим берүү мекемелеринин колдоосу менен ишке ашып келүүдө. 2015-2020-жылдар аралыгында 60 тан ашуун Жайлоо өнүгүү борборлору жана башка долбоорлордун жигердүү катышуучулары, педагогтору, уюштуруучулары жана өнөктөштөр тажрыйба алмашуу сапарына катышып келишүүдө. Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу.