Р.И.Отунбаева Кара-Балта шаарындагы «Билимкана» мектебинин иши менен таанышты

January 23, 2020, 06:00

Экс-президент, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу Р.И. Отунбаева 2020-жылдын 15-январында Кара-Балта шаарында жайгашкан «Билимкана-Кара-Балта»* мектебине барды жана мектептин турмушу, окуучулар жана мугалимдер менен таанышты. Бул мектеп толук күн иштейт, 2018-жылы негизделген, анда 200дөн ашык окуучу окуйт. Кыргыз, орус жана англис тилдеринен тышкары, окуучулар экинчи чет тилди тандайт. Визиттин жүрүшүндө ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Билимкананын» жетекчилиги менен кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

 

Ошондой эле Р.И.Отунбаева билим берүүчү ART-долбооруна – «Билимкана» коомдук фондунун жана "Машина времени" деген аталыштагы TOLON MUSEUM’дун биргелешкен туруктуу ART-долбооруна барды, ал мектептин аймагында 2019-жылдын 1-июнунан тартып иштеп жатат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

• «КОНСТАНТИН ШКУРПЕЛА: СССРге КАРАЙ АРТКАБЫ?» деген жеке көргөзмөнү;

• Советтик Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн «Виктор ЖУКОВ жана Федор ЗУБАХИН» деген плакатынын ретро-көргөзмөсүн;

• «ЛИНОЛУМ» тобунун «5-МАЙ» деген фото көргөзмөсүн, Андрианова Наталья, Холопова Виктория, Большаков Павел, Скачков Алексей, Цыбух Анатолий.

 

--------------------------------------------

* Билимкана мектептери – бул "Билимкана" коомдук фондунун коммерциялык эмес жана мамлекеттик эмес билим берүү уюмунун билим берүү мекемелеринин тармагы. Бүгүнкү күндө тармакка 14 билим берүү мектеби кирет, алар анын ичинде Кыргызстандын региондорунда жана 2018-жылы Казахстанда Bilimkana Almaty School жайгашкан. "Билимкана" коомдук фонду 2011-жылы негизделген. "Билимкана" коомдук фондунун миссиясы – глобалдык деңгээлде атаандаштыкка кудуреттүү болгон кыргызстандыктардын жаңы муунун калыптандыруу.