КР мектепке чейинки билим берүү тутумунун өкүлдөрү Түркияда таанышуу сапары менен жүрөт

February 22, 2020, 22:44

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору», долбоорунун 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча жигердүү катышуучулар, уюштуруучулар жана өнөктөр Түркияга сапар менен сыйланган. Түркияга сапар алмашуу сапардын программасы Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) колдоосу менен уюштурулуп жатат.


КРнын билим берүү тутумунун 12 өкүлү Стамбул шаарынын Муниципалитет теринин билим берүүсүнүн мектепке чейинки тутуму менен таанышууда.


Визиттин максаты – Түркия Республикасынын билим берүү тутуму менен таанышуу, кенже жана наристе курактагы балдарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу, бул багытта инновациялык методика менен таанышуу. Сапар 2020-жылдын 16-февралында башталган жана 22-февралына чейин улантылат.


16-февралда делегация Стамбул шаарына келип, Стамбул шаарынын кооз жерлери жана Стамбул шаарынын Аквафлория – аквариуму менен таанышты.


Экинчи күнү 17-февралда Стамбул шаарынын 39 Муниципалитетинин бириндеги – Бахчелиэвлер 1 балдар бакчасынын иши менен таанышты жана 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн өткөрүлүүчү демонстрациялык мастер-класстарга катышты. Делегацияны Түркиянын мектепке чейинки билим берүүсүнүн түзүмү, тутуму, окутуу методикасы өтө кызыктырды, буга балдар бакчасынын жетекчилиги жан-дилименен жооп берди. Экинчи күндүн аягында делегация Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзу (TDBB) штаб-квартирасына барды, ал жерде Түрк дүйнөсү муниципалитеттердин союзунун (TDBB) Башкы катчысы Фахри СОЛАК мырза менен жолукту жана сапарды ушунчалык жогору уюштургандыгы үчүн жана тажрыйба алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.


Кийинки күн Пендик Муниципалитетинде Үй бүлөлүк балдар өнүктүрүү борборуна баруу менен башталды. Ал жерде педагогикалык жамаат делегацияны бул долбоор менен тааныштырды жана экскурсия өткөрүлдү. Борбордо балдарды өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлгөн, музыка боюнча класстар, лабораториялар, ар түрдүү өнүктүрүүчү оюндар, сүрөт тартуу, өсүмдүктөрдү өстүрүү жана башкалар бар.


Ошол эле күнү делегация Картал Муниципалитетине барды жана муниципалитеттин түздөн-түз жетекчилиги менен таанышты. Картал Муниципалитетинин жетекчисинин орун басары муниципалитеттин билим берүү чөйрөсүндөгү ийгиликтери жөнүндө айтып берди. Андан кийин топ ушул муниципалитетке тиешелүү балдар бакчасынын иши менен таанышты. Кечинде топту «Жомок музейине» алып барышты, ал жерде дүйнөлүк белгилүү эски жомок китептер жана жомоктордогу каармандар менен байланышкан ар түрдүү, кызыктуу оюнчуктар коюлган. Бул жерге балдар ата-энелери менен келет.


Делегацияын мүчөлөрү Түркиянын мектепке чейинки билим берүү тутуму менен танышууга мүмкүндүк бергендиги үчүн Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзуна (TDBB), анын Башкы катчысы, Фахри СОЛАК мырзага, Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агентигине (ТИКА), Улуттук билим берүү министрлигине, Стамбул шаарынын Бахчелиэвлер, Пендик, Картал, Сарыер жана Эсенлер муниципалитеттерине, билим берүү мекемелерине зор ыраазычылык билдиришти. Бул программада бизди тосуп алган Делегациянын мүчөлөрү келечекте түрк тажрыйбасын жер-жерлерде өз практикасына киргизүүгө ниеттенип жатканын белгилөөгө болот.

 

Уландысы кийинки санда... 



Кошумча маалымат: Тажрыйба алмашуу сапары 5-жылдан бери Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB), Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агентигинин (ТИКА), Стамбул жана башка шаарлардын муниципалитеттеринин, Түркиянын Улуттук билим берүү министрлигинин жана билим берүү мекемелеринин колдоосу менен ишке ашып келүүдө. 2015-2020-жылдар аралыгында 60 тан ашуун Жайлоо өнүгүү борборлору жана башка долбоорлордун жигердүү катышуучулары, педагогтору, уюштуруучулары жана өнөктөштөр тажрыйба алмашуу сапарына катышып келишүүдө.