Сиздерди 2020-жылдын 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышууга чакырабыз

February 18, 2020, 06:00

БФ өткөрүүнүн датасы жана убактысы:  2020. 18-апрель (суббота), саат 10:00дөн 18:00гө чейин

Жери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын аймагы жана  айланасындагы 10дон ашуун аянтчалар,  Кыргызстандын Эл аралык Университети ЭУ).



Сизге маалым болгондой, Бишкек шаарында  жыл сайын соңку 7 жылдын ичинде шаардын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калган жана анын жакшы салттарынын бирине айланган Билим берүү фестивалы өткөрүлүп жүрөт. Фестивалдын максаты балдарды жана жаштарды, ата-энелерди, элди шаардын билим берүү мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана жогорку класстын окуучуларына алдын ала кесип тандоодо багыт берүү, балдарда билимге жана чыгармачылыкка карата балдардын кызыкчылыгын арттыруу, санариптик сабаттуулукту жана критикалык ой жүгүртүү көнүмдөрүнө үйрөтүү.

 

Жыл сайын фестивалдын тематикасы өзгөрүп турат, 2020-жылы 8-чи Билим берүү фестивалы “Санариптик сабаттуулук” темасына арналат, жана Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында өтөт. 

Теманын актуалдуулугун жана узак мөөнөттүү натыйжаларга жетишүүгө болгон анын багытын, Фестивалдын форматы бул жылы өзгөртүлгөн: биринчи күндүн ордуна – борбордун бир ЖОЖуна баруу, 2020-жылдын январынан апрелине чейинки мезгилде фестивалдын алдындагы иш чаралар Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыгында өткөрүлөт.

8-чи БФнын уюштуруучулары болуп мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдардын колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргызстан эл аралык университети менен биргеликте болууда.


Маалымат үчүнБилим берүү фестивалы – бул балдар, жаштар жана жарандар үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү Фестиваль, ал 2013-жылдан тартып салттуу түрдө Бишкекте өтүүдө.

 

Билим берүү фестивалы 2014-жылдан тартып тематикалык болуп өткөрүлүүдө, жана алгачкы күнү өлкөнүн ЖОЖдорунун биринин базасында өткөрүлгөн (2014-жылы – Раззаков ат. КГТУ, 2015-жылы – Скрябин ат. КНАУ, 2016-жылы - им. Ахунбаев ат.КГМА, 2017-жылы - КГАФКиС, 2018-жылы - К.Карасаев ат. БГУ, 2019 - АУЦА), экинчи күнү – Бишкек шаарынын борборундагы көпчүлүк аянттарында.


2016-жылы Билим берүү фестивалы Борбор Азиядагы эң мыкты билим берүү иш-чара болуп табылган жана "EventAwardsCentralAsia" Борбор-Азиялык премиясы менен белгиленген. Мындан тышкары, ар кайсы өлкөлөрдүн 84 иш чараларынын арасынан "GlobalEventAwards" (4-декабры, Москва ш.) ааламдык премиясынын сыйлоо аземинде “Мыкты балдар иш-чарасы” категориясында 3-орунга ээ болду.


2019-жылы “Кыргызстандык санариптик мууну” темасындагы 7-чи Билим берүү фестивалы алгачкы күнү 13-апрелде) – Борбор Азиянын Америкалык Университетинде Центральной Азии (АУЦА), экинчи күнү (4-майда) – Бишкек шаарынын башкы сахнасы Курманжан Датка эстелиги болгон борбордук бөлүгүндөгү 16 аянтчасында уюштурулган.

 

Эки күндүн ичинде шаардын 27 000 ашуун тургундары жана меймандары Фестивалдын көптөгөн иш-чараларына катышып, келип көрүп кетишти.

 

Ошентип, Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышуу Сизге өз кызматтарыңызды жана продукцияңызды кенен чогулган элге тартуулоого, кесипке багыттоо иштерин жүргүзүүгө жана келген меймандарга Сиздин ишмердүүлүгүңүз тууралуу маалымат берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктү түзөт. Жарманкеге жыл сайын 100 ашуун уюмдар катышат.  

 

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАРБилим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге катышуу үчүн тапшырыктар 2020-жылдын 20-мартында саат 18-00гө чейин (жума) кабыл алынат.

 

Сиздин уюмду 8-чи Билим берүү фестивалына жана Билим берүү кызмат көрсөтүү жарманкеге каттоо үчүн шилтеме аркылуу >>> түз каттоодон өтүү абзел.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0312) 660 368 же 0557 290 207 (Айжан)

 

 Сизди 8-чи Билим Берүү Фестивалында күтөбүз!

 

Кыргызстандагы жылдын эң ири билим берүү платформасына катышуу жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн колуңуздан кетирбеңиз!



Билим берүү фестивалына катышуу шарттары -2020 >>>

Билим берүү фестивалынын катышуучусунун анкетасы  - 2020 >>>

Билим берүү фестивалы тууралуу маалымат  >>>

2019-ж. 7-чи Билим Берүү Фестивалынын видеороликтерин ушул шилтеме аркылуу >>> кирип көрсөңүз болот