Жогорку технологиялар паркындагы «Z муундар менен меймандык жолугушуулар»

February 3, 2020, 06:00

Бүгүн 3-февралда «Z муундар менен меймандык жолугушуулар» акциясынын алкагында Бишкек шаарынын №84 мектебинин жогорку класстын окуучулары жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барышты, ал жерде алардын астында ЖТПнын директору Алтынбек Исмаилов сөз сүйлөдү. Ал ЖТПнын иштердүүлүгү, анын 2019-жылдагы жетишкендиктери жана натыйжалары, IT тармагындагы талап кылынган кесиптер жана кадрлар тууралуу айтып берип, азыркы учурдагы Кыргызстандагы программист адистигинин зарылчылыгына токтолду. Жолугушуунун уландысында балдар ЖТПнын жаш резиденттери өздөрүнүн Жасалма интеллект боюнча старапттары жөнүндө айтып беришти. Меймандарга суроолорду узатууга, керектүү маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле, Билим берүү фестивалынын уюштуруучулары”Кыргызстандын санариптик мууну” 7-чи БФ жөнүндө роликтерди көрсөтүштү жана балдарды 2020-жылдын 18-апрелинде өтө турган “Санариптик сабаттулук” аттуу темасындагы 8-чи БФга катышууга чакырышты.