Президент Джон Ф. Кеннединин «Каармандык өрнөктөрү» китебинин кыргыз тилиндеги котормосу

January 29, 2020, 06:00

ПРЕСС-РЕЛИЗ


Президент Джон Ф. Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” китебинин кыргыз тилиндеги котормосу


30 январь, 2020-жыл, 14.30

КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын лекторийи


Джон Фицджеральд Кеннеди – АКШнын 35 - президенти 20 - кылымдын эң көрүнүктүү саясатчыларынын бири болуп келе жатат. Анын өмүр таржымалы, Кеннеди үй бүлөсүнүн тарыхы азыркы күндө да олуттуу роль ойноп, көптөгөн китеп жана көреөм тасмаларга негизги тема бойдон сакталып калууда. Джон Кеннеди президенттик жылдарында болуп өткөн бир катар маанилүү элдик окуялар менен да эсте калган.


Джон Кеннеди АКШ жана башка өлкөлөрдө өзүнүн китептери менен да таанымал. Анын эң көрүнүктүү китептеринин бири - “Каармандык өрнөктөрү”, аталган китеп 1955-жылы басылып чыгып, 50 жолу кайра басылып чыккан. Китепте Кеннединин өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салымын кошкон саясий өнөктөштөрү тууралуу баяндалат.


30-январда КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында (адрес: Панфилов көч, 237) Джон Ф. Кеннединин китебинин кыргыз тилиндеги котормосунун презентациясы болот.


Китеп көрүнүктүү тарыхчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин тарабынан которулган.


Эмгек “Роза Отунбаеванын Демилгеси ” фонду тарабынан Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин китептерди которуу программасынын алкагында басып чыгарылды жана «Өмүрү өрнөк инсандар” сериясы улантылууда.


Кошумча маалымат алуу жана сурап билүү телефондору: 660308 же сайт: www.roza.kg