Экс-президент Р.Отунбаева жылда өткөрүлүп турчу Клинтондун Дүйнөлүк Демилгесинин жолугушуусуна катышуу үчүн 2013-жылдын 23-26- сентябрь күндөрүндө Нью-Йорк шаарына барып келди

October 1, 2013, 06:00

Клинтондун Дүйнөлүк Демилгеси – бул инновациялык идеяларды ишке ашырчу өзгөчө платформа. 2005 – жылы Билл Клинтон тарабынан уюштурулган Клинтондун Дүйнөлүк Демилгеси өзүнүн платформасынын алкагында учурдун эң актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу, прогрессивдүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн жана аларды ишке ашыруу үчүн дүйнөлүк лидерлерди чогултат. Жылда өткөрүлүп турчу Клинтондун Дүйнөлүк Демилгесинин жолугушуусунда адамзаттын алдында турган ар түрдү көйгөйлөр талкууга салынат – жакырчылык жана жумушсудук маселесиненбаштап саламаттыкты сактоо жана аялдардын укугуна чейин. Бул жылы Клинтондун саммити “Таасир этүү үчүн мобилдешүү” темасына арналды. Саммиттин жыйынтыгында 10,8 млрд. АКШ долларындагы суммага 160 милдеттеме киргизилген. Милдеттемелер дүйнө жүзү боюнча 22,2 млн. адамдын жашоосуна өз таасирин тийгизмекчи.


Кыргызстан бул жылы Клинтондун Дүйнөлүк Демилгесине алгачкы жолу катышты. Иш-чарада мамлекетибизди экс-президент Роза Отунбаева көрсөттү. Платформадагы жолугушуулардын алкагында Р.Отунбаева эл аралык, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Клинтондун Фонду менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, аялдардын абалын жакшыртуу жана Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


Сүйлөшүүлөрдүн негизинде туберкулез жана ВИЧ/СПИД оорулар менен күрөшүүгө багытталган иш чараларды улантуу боюнча Клинтондун Фонду менен келишим түзүлгөн.

 

23 сентябрь күнү сапардын алкагында экс-президент Р.Отунбаева жараандык коомдун өкүлү катары АКШнын Президенти Б.Обаманын чакыруусу менен жараандык коомду колдоо боюнча атайын иш-чарага катышты. Иш-чаранын максаты бүткүл дүйнөдөгү жараандык коомдун көйгөйлөрүн жана коркунучтарын жогорку деңгээлде талкууга салып, пикир алмашуу болгон. Аны менен бирге талкуу негизинен жараандык коом үчүн саясий абалды жакшыртуу жолдоруна багытталган; жараандык коомго каршы чектөөлөргө дипломатиялык жана ар тараптуу басымдарды көрсөтүүнү координациялоо; Жараандык коомду логистикалык, каржы жана техникалык колдоодо, жаңы жана инновациялык жолдорду табуу.


Иш-чарада АКШнын Президенти Б.Обамага, БУУнун Генералдык секретарынын орун басары, Монголиянын президенти Ц.Элбэгдорж жана Мексиканын президенти Э.Пеньи Ньетого сөз берилди.


Ошол эле күнү, 23 сентябрда,Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.Отунбаеванын катышуусу менен Google “Constitution” компаниясынын жаңы долбоорунун бет ачары болуп өттү. Google компаниясынын жаңы каражатынын бет ачарына эл аралык уюмдардын, АКШнын конституцялык укук боюнча алдынкы окуу жайларынын, ИКТ компанияларынын жана АКШнын аналитикалык-маалымат борборлорунун 100дөн ашык өкүлү катышты.


Маалымат катарында: бул долбоор мамлекеттерге он лайн режиминде 160 мамлекеттин конституцияларынын салыштырмалуу анализин оперативдүү аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мамлекетте жашаган элдин каалоосун, эксперт жана саясатчылардын көрүүсү менен тарыхый апекттерди эске алып, конституциялык долбоорлорду моделдештирүүгө, бөлүктөрдү жана беренелерди ылайыкташтырып тандап алууга шарт түзөт.

 

“Google Ideas” компаниясынын жетекчиси Джаред Коэн жаңы долбоордун бет ачарындагы айтылган өз сөзүндө Кыргызстанды ийигиликтүү конституциялык реформа жасаган мамлекет катарында экендигин айтып өттү. Жаред Коэн Р. Отунбаевга иш-чарага келип, “Жаңы доордогу конституционалдык процесстерге жана конституцияга болгон мезгилдин чакыруусу” аталыштагы дискуссияга катышып, аудиториянын Кыргыз Республикасындагы конституциялык реформа жана саясий процесстерди ишке ашыруу боюнча суроолоруна жооп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Экс-президент Р. Отунбаева дүйнө жүзүндө бардык саясий реформалар көп учурда катаал шарттарда, оппозициялык каршылыктар көрсөтүлүп, тез чечим кабыл алуу талап кылынып жаткан кезде өткөрүлөрүн айтып кетти. Андыктан Google компаниясынын жаңы каражаты элдин каалоосуна дал келген конституцияны моделдештирүү процестерин бир кыйла жеңилдетет. 


Р.Отунбаева катышуучуларга Кыргыз Республикасында ишке ашкан конституциялык реформа, саясий системаны тууралап турган анын негизги жоболору жөнүндө айтып берди.


Google компаниясынын жаңы долбоорун төмөнкү дарек боюнча көрүүгө болот https://www.constituteproject.org

 

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондусунун пресс-борбору