Мектеп окуучуларын экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени

January 23, 2020, 06:00

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» өз сапарын улантууда. 2019-жылдын сентябрынан тартып 2019-жылдын декабрына чейин Бишкек шаарынын 20дан ашык мектебине (№ 1, 4, 10, 11, 12, 16, 21, 23, 32, 33, 38, 43, 45, 46, 51, 52, 53, 65, 66) барды жана 6-7-класстардын 1600дөн ашык окуучусун камтыды. Бул акция презентация түрүндөгү интерактивдүү лекцияны билдирет, ал өзүнө ошондой эле дискуссияларды жана маалыматтык командалык оюндарды, ролик көрүүнү камтыйт. Мектеп окуучулары эко-долбоордун командасы менен бирдикте экология жана аны коргоо боюнча темаларды талкуулайт, ошондой эле адам экологияга кандай түрдө таасир этээри, курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө суроолорго жоопторду билип алат, Жаш бишкектиктин эрежелерин жана башка маселелерди изилдейт. Мектеп окуучулары экологиялык көйгөйлөрдү чечүүнүн, мисалы, «мүмкүн болушунча көбүрөөк бак отургузуу керек, таштандыларды өрттөгөнгө болбойт, анткени ал күйгөн учурда уулуу заттарды чыгарат, пластик пакеттерди көп жолу колдонулуучу эко баштыктарга алмаштыруу керек» деген ар түрдүү методдорун сунуш кылат. Дискуссиялардан тышкары, окуучуларга адам жаратылышка кантип зыян келтирип жаткандыгы жөнүндө, Бишкек шаарынын четиндеги таштанды полигону жөнүндө жана анын зыяны жөнүндө ролик/мультфильмдер, ошондой эле эко-долбоордун алкагында түзүлгөн курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына башка видеороликтер көрсөтүлөт.

 

Лекция өткөрүлгөндөн кийин окуучулардын комментарийлери:

«Мен Бишкек дүйнөнүн эң «жашыл» шаарларынын ичине кирет деп окугам. Абанын булганышы боюнча биз биринчи орунду алганыбызды мен бүгүн билип, капаланып турам. 2020-жылы көптөгөн бак-дарактар отургузулат жана биз шаарыбыздын мурдагы статусун кайра кайтара алабыз деп үмүттөнөм», - деп өз пикирин бөлүштү № 56 орто мектебинин окуучусу.

 

«Экологиялык тарбиялоо боюнча билим кербени» акциясын «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен» эко-долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте өткөрүп жатат. Долбоордун максаты 2015-жылдан тартып жарандык жоопкерчиликти жана балдар менен жаштардын экологиялык маданиятынын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Акция жаңы 2020-жылы улантылат жана Бишкек шаарынын дагы 20дан ашык мектебин камтуу пландаштырылууда.