«Каректеги жаз» поэзия кечеси болуп өттү

December 18, 2019, 06:00

2019-жылдын 17- декабрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликтеуюштурган акын,Маданияттын мыкты кызматкери, КР Ардак грамотасынын ээси Жыпар Акунованын жана Билим берүүнүн мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналган “Каректеги жаз” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.


Кечеде алгач акындар өздөрүнүн ырларын окушту. Ошондой эле жаштар Ж.Акунованын Мөлтүрөк, Бакыт эмне, Көрүшпөймүн деген элем жана К.Кичинемолдоеванын Сени сагынганда, Кечиккен жаз, Жатакана деген лирикалык ырларын окуп беришти.


Акын К.Кичинемолдоеванын небересинин чоӊ апасынын ырын окуп бергени көрүүчүлөрдү өзгөчө кубандырды.


Акын Жыпар Акунова ыр кана жазбастан “Жетим кыздын тагдыры”,”Апама баратам”,”Люся апа келин болгондо”, “Туштуккө түшкөн келин” дагы бир топ аңгемелердин автору. Кечеде анын “Түштүкө түшкөн келин” аңгемесинен монолог окулду. Ошондой эле “Түндүктүк келин” кинотасмасынан үзүндү көрсөтүлдү.


Жыпар Акунованын сөзүнө жазылган “Ыраазымын жолуктурган тагдырыма”деген обондуу ырын КР эмгек сиңирген артисткасы Самара Каримова, “Ирмегенден кирпигимди коркомун” деген чыгармасын ырчы Мыскал Шабданалиева, Клара Кичинемолдоеванын сөзүнө жазылган “Дархан айылым”деген обондуу ырын белгилүү ырчы Бакыт Жакыпов көрүүчүлөргө тартуулашты.


Кеченин соңунда 1981-жылы Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинде билим алышкан бул курсташ эки акын кезектешип бири бирине арнаган ырларынан көркөм окуп, келгендердин маанайын көтөрүштү.


Кечени белгилүү акын , КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү , Жаштардын республикалык Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты Алтынбек Исмаилов алып барды. Кече аншлаг менен өттү.