Кыргыздардын Баатырдык эпосу «Манас сүрөттө» аттуу кыргыз, орус тилдериндеги китептеринин презентациясы болот

December 9, 2019, 06:00

Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан “Манас сүрөттө” аттуу китеп жарык көрдү.


Китепти жаратуучулар миллиондогон саптарга ээ “Манас” эпосун окурмандарга жеткирүү үчүн жапондордун манга (орусча - комикс) сүрөт жанрын колдонушкан, тактап айтканда, бул улуу чыгарманын мазмуну иллюстрациялардан жана кыска-нуска тексттерден турат. Балдар бул китепти окугандан кийин “Манас” эпосунун толук текстин ишенимдүү түрдө окуп чыгууга кирише алышат.


Китеп толук түстүү, 380 сүрөттү камтыган 23 главадан жана глоссарийден турат. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиев улуу манасчылардын варианттарынын негизинде кысылган (кыска) тексттерди жазып чыккан. Ал эми текстерге карата сүрөттөрдү таланттуу жаш сүрөтчү Замир Илипов тарткан. Голоссарийди болсо белгилүү манас таануучу окумуштуулар Раиса Кыдырбаева жана Асел Исаева жазган.


Бул китепти окуу менен сиздер Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Жусуп Мамай сыяктуу улуу манасчылардын айтуусундагы “Манас” эпосунун варианттары менен тааныша аласыздар. Мына ушунусу менен бул китеп баалуу жана керектүү.


Китептин расмий бет ачаары үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Ормон хан-"OIoIohaus" коворкинг борборунда (Асанбай кичирайону 27/1) саат 12:00 өткөрүлөт.