«Каректеги жаз » поэзия кечеси өтөт

December 5, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР Ардак грамотасынын ээси, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Жыпар Акунова жана КР Билим берүүсүнун мыктысы, акын Клара Кичинемолдоеванын чыгармачылыгына арналат жана ал “Каректеги жаз” деп аталат.


Бул поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.


Акын Акунова Жыпар -Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы 8-март айылында туулган.

«Шок жылдыз» (1985), «Дилчырак» (1994), «Каректе калган жаз» (2009), «Жүрөгүңө барчу жолду издепмин» (2012), «Түштүккө түшкөн келин» (2015) , «Мөлтүрөк” ырлар жана прозалык чыгармалар жыйнактарынын автору. Кыргыз Республикасынын жазуучулар, журналисттер союзунун мүчөсү. Кыргызстан-Өзбекстан жаш акындар фестивалынын лауреаты. 1999-жылы журналистикага кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыктысы» медалы менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун «Алтын калем» диплому менен сыйланган.


Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн киийин «Ленинчил жаш» газетасында кабарчы, «Мектеп» басмасында редактор, Ош облустук «Ленин жолу» газетасында кабарчы болуп эмгектенген. 1997-жылдан бери республикалык, өкмөттүк «Кыргыз Туусу» гезитинин Ош облусу боюнча кабарчысы болуп эмгектенип, 2017-жылдан бери Башкы редактордун Кыргызстандын Түштүк аймагы боюнча орун басары.


Акын Кичинемолдоева Клара - Ысык Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.

1976-жылы Ысык-Көл районундагы Бостери орто мектебин ийгиликтүү аяктаган соң, ушул эле жылы Фрунзе шаарындагы СССРдин

50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетинде билим алып, 1981-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган.

1981-1984-жылдары Жети-Өгүз районундагы Даркан орто мектебинде улуу пионер вожатый, кыргыз тили, адабияты мугалими болуп иштеген.

1985-жылдан бери Абылай Сатылганов атындагы орто мектебинде эмгектенүү менен, 2000-жылдан бери ушул мектепти жетектеп, директорлук кызматты аркалап келет.

Көп жылдык педагогикалык жана жетекчилик ишмердүүлүгү бааланып, райондук, областтык мамлекеттик администрациялардын «Ардак грамоталары», «КР билим берүүсүнүн мыктысы», «Эл сүйгөн жетекчи», «Кыргыз Республикасынын ардактуу инсандары» коомдук бирикмесинин төш белгилери менен сыйланган.

«Аруу дүйнө» ырлар жыйнагынын автору.

 

Кече КР эмгек сиңирген артисти Самара Каримова, белгилүү ырчылар Бакыт Жакыпов жана Мыскал Шабданалиеванын аткаруусунда обондуу ырлар менен коштолот.

Кечени акын, котормочу Алтынбек Исмаилов алып барат.