«Балетке билет»: «Балдар филармониясынын» жаңы сезонунда биринчи концерт-презентация өттү

November 25, 2019, 06:00

22-ноябрда «Балдар филармониясы» музыкалык-билим берүү программасынын алкагында концерт-презентация өттү.


Концерт-презентация Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жайлуу театрында өттү. Презентация жаш көрүүчүлөрдү негизги балет терминдери: фондю, батман, гран-батман, фуэте жана башкалар менен тааныштырды. Андан соң балеттин келечектеги жаш чеберлери өздөрүнүн меймандары үчүн чакан концерт берди.


Презентацияны Балет окуу жайынын директору Джамиля Сатыгуловна Туляева алып барды. Көрүүчүлөр балет номерлерин көрүп гана тим болбостон, ошондой эле өзүн балет сахнасында сынай алды.