Акция! Пенсионерге смартфон тартуула!

December 4, 2019, 06:00

Кымбаттуу достор! Жаңы Жылдын алдында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кызыл Жарым Ай жана «Active volunteers» волонтердук уюму менен бирдикте «Пенсионерге смартфон тартуула!» кайрымдуулук акциясын өткөрүп жатат.


Акциянын максаты – санариптик процесстерге улуу муунду тартуу жана смартфондорду пайдалануу аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.


Силер тартуулаган, иштеп жаткан абалдагы ар бир смартфон Кызыл Жарым Ай аркылуу аз камсыз болгон пенсионерлерге берилет. Ошондой эле биз аларга смартфонду пайдаланууну үйрөтөбүз, фото жана видеоотчет Фейсбуктагы «50+ санариби», Инстаграм @sanarip50 расмий бетибизге чыгарылат.


Эгерде силерде иштеп жаткан ашыкча смартфон бар болсо, анда белек кылгыла – пенсионерге байланышты тартуулагыла!


Телефон боюнча маалымдама: 0505 031975, 0555 151851.

Смартфондорду чогултуу: «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын офиси, Бишкек шаары, Чүй проспекти 106, 108-кабинет.