Экс-президент Роза Отунбаева окуучулар менен жолугушту

November 30, 2019, 06:00

20-ноябрда Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде Кыргыз Республикасынын Экс-президенти Роза Отунбаеванын окуучулар менен жолугушуусу болду. Жолугушуу 5-11-класстардын окуучуларынын алдыңкыларын шыктандыруу максатында уюштурулуп, "Балдарга турмушка багыт берүүдөгү лидерлердин ролу" теманын тегерегинде балдар менен ой-пикир бөлүштү. Р.Отунбаева мультимедиа кабинети, электрондук китепкана жана жатакананын иши менен таанышып, көргөзмөгө да күбө болду. Окуучулар жетишкендиктери тууралуу айтып беришип, Экс-президенттен кеп-кеңеш угуп, суроолоруна жооп ала алышты. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын театр жана кино искусствосунун чебери, белгилүү актриса Жамал Сейдакматова да катышты. Ж.Сейдакматованы 80 жылдык мааракеси менен Р.Отунбаева жана УИТМЛдин жалпы жамааты куттуктады. Мектеп лицейдин администрациясы ыраазычылык билдирүү менен окуучулар үчүн мындай шыктандыруучу жолугушуулар байма- бай болуп тураарын айтышты.