«Кеч күздөгү кусалык» поэзия кечеси болуп өттү

November 23, 2019, 06:00

2019-жылдын 22-ноябрында “Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте уюштурган белгилүү акын , КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналган “Кеч күздөгү кусалык ” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.


Иш чара учурунда акындар өздөрүнүн ырларын окушту. Ошондой эле жаштар Мээркан Токсобаеванын “Көлдүн шоокуму”,”Ырларга айтам сырымды”, “Күз жааны”, “Күтүү”, “Кечиккен махабат”, “Бейиштин кереги не” аттуу ырларын , Самидин Стамбековдун “Айылдарга баргыла айылдарга” , “Айланайын ата журттун куштары”,”Кара кыз”, “Жалал-Абадда жалт- жулт этип көчөлөр” “Боз уландык ойлорум”жана башка бир топ ырларын музыканын коштоосу менен көркөм окуп беришти.


Мээркан Токсобаеванын сөзүнө жазылган “Мажүрүм тал”,” Сезгемин”деген обондуу ырларын Советбек Урманбетов жана белгилүү ырчы Элмира Дүйшеева көрүүчүлөргө тартуулашты.


Кеченин соңунда эки акын кезектешип лирикалуу жанрдагы ырларынан көркөм окуп, келгендердин маанайын көтөрүштү. Ошондой эле Самидин Стамбековдун котормолору да көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбады.


Кечени белгилүү акын , КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү , Жаштардын республикалык Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыгынын лауреаты Алтынбек Исмаилов алып барды.


Кече аншлаг менен өттү.