Жыргалбек Курманбеков, Калыс-Ордо конушундагы 86 мектептин мугалими, «Санарип 50+» долбоорунун тренери: «Ата-энелерди электрондук почта менен иштөөгө даярдоо керек»

November 19, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду КICB банк менен бирге улуу муундагы адамдар үчүн “Санарип 50+” долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун максаты – 50 жаш курагындагыларга, дегеле бардык каалоочуларга смартфондун функцияларын, смартфон аркылуу маалыматтарды издөөгө, социалдык тармактарда баарлашууну, электрондук почтаны пайдалануу менен расмий каттарды жүргүзүүнү, ошондой эле каржылык санариптик куралдардын негизинде электрондук капчык Элсомду пайдалануу менен төлөмдөрдү ишке ашырууну үйрөтүү.

 

Жыргалбек Курманбеков бул долбоордун тренери болуп иштеп келет жана ал мектеп окуучулардын ата-энелери үчүн окуу курстун биринчи этабын өтүп бүттү.

 

“Окуу курстун биринчи этабында смартфон жана анын кызматтары, электрондук почта жана ал аркылуу маалыматтар менен алмашууну өтүп бүттүм. Азыр окуу курстун экинчи этабына өтөйүн деп турам, ал практика жүзүндө болот. Ата-энелердин электрондук почталары аркылуу бири-бири менен маалымат алмашуу болот. Буларды эмне себептен жасап жатам? 2019-2020 окуу жылына мектепке 1-класска кабыл алуу электрондук кезек менен жүргүзүлдү. Анда ата-энелердин көбү аябай кыйналды. Себеби аларда электрондук почта болгон эмес. Буга байланыштуу алдын ала даярдык көрүп жатабыз. 15-февралдан баштап электрондук каттоо башталат, ошондо ата-энелер дароо кыйналбай каттоодон өтүшү керек. Сүрөт, документ тиркегенди үйрөтүшүбүз зарыл, себеби электрондук кезекке турганга керек”, - дейт Жыргалбек.

 

Тренердин айтымында өзгөчө бул окуу курстарга кызыкдар болгондор башталгыч класстын ата-энелери, алар өтө активдүү катышат. Окуу курстар эртең менен өтүлүп, алардын убактысын албаганга аракет кылып, кыска, түшүнүктүү, мазмундуу кылып түшүндүрөт.

 

Жыргалбек эми электрондук капчык Элсомдун өзгөчөлүктөрү, жашоо турмуштагы мааниси жөнүндө айтып берип, практика жүзүндө пайдаланууну үйрөтө баштайт.