«Гений» радиоберүүсү: Мектеп окуучулар альтернативалык онлайн-олимпиадага катыша башташат

November 19, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучулар үчүн биринчи жолу түзүлүп жаткан альтернативалык онлайн-олимпиада жөнүндө маек курдук. Окуучулар онлайн-олимпиадага ушул жылдын декабрь айынан тарта классына, мектебине карабастан катышып өз күчүн, билимин сыноого болот. Альтернативалык онлайн-олимпиаданын максаты жана ага катышуу жолдору жөнүндө Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти, химия илимдеринин кандидаты Салиева Калипа Талипбаевна, Калем Ко билим берүү мекемесинин жетекчиси Ажибаев Улукбек Казбекович менен маек курдук.