«КЕЧ КҮЗДӨГҮ КУСАЛЫК» поэзия кечеси өтөт

November 14, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармония менен биргеликте эл сүймөнчүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин өткөрүүнү улантууда. Кезектеги кече белгилүү акындар, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мээркан Токсобаеванын жана КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү Самидин Стамбековдун чыгармачылыгына арналат жана ал “Кеч күздөгү кусалык ” деп аталат.


Бул поэзия кечеси үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Улуттук Филармониянын кичи залында өтөт. Саат 17.00 башталат. Кирүү акысыз.


Акын Мээркан Токсобаева Ысык Көл облусунун Тоң районундагы Бокомбаев айылында туулган. Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

Райондук “Эмгекчил” газетасында кабарчы, газетанын редактору болуп иштеген. Журналистик иши менен катар жеке чыгармачылыгын айкалыштырып, “Махабатым”, “Мажүрүм тал”, “Улуу сезим”деген поэтикалык жыйнактарын чыгарган. Райондогу чыгармачыл адамдардын башын бириктирген “Тескей күүлөрү” аттуу адабий ийримди 40 жылдан ашуун убакыттан бери жетектейт.

КР Ардак Грамотасынын ээси, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Тоң районунун ардактуу атуулу.


Акын Самидин Стамбеков Чаткал районуна караштуу Каныш кыя айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

Ал Чаткал орто мектебинде мугалим, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп иштеген. Кийинчерээк Чаткал райондук «Чаткал оттору» гезитинде редактордун орун басары жана редактору, Бишкек шаарындагы «Вечерний Фрунзе», «Фрунзе шамы», «Ленинчил жаш», «Ак бата» гезит-журналдарында кабарчы, бөлүм башчы, редактордун орун басары, Жалал-Абад облустук «Акыйкат» гезитинин башкы редактору , облустук кыргыз тили комиссиясынын жетекчиси кызматтарын аркалаган. 2008-жылдан бери Жалал-Абад облустук коомдук-педагогикалык «Дил» гезитинин башкы редактору болуп иштеп келет.

Анын чыгармалары облустук, республикалык «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш», «Ленин жолу», «Мугалимдер газетасы», «Кыргыз туусу», «Эркин тоо» сыяктуу гезиттерге, «Ала-Тоо», «Жаш ленинчи», «Ак бата» журналдарында басылган.

Ал «Студенттик жаз-80», «Ала-Тоо жазы – 88», «Алыкулдун ак боз ат – 90» фестивалдарынын катышуучусу жана лауреаты болгон.

С.Стамбеков Анна Ахматованын, Михаил Дудиндин, Лев Озеровдун, Николай Рубцовдун ырларын кыргыз тилине которуп, алардын айрымдары адабий журналдарда жарыяланган, айрымдары акындын «Алыстан жазылган каттар» деген ыр жыйнагына киргизилген.


Кече обончу жана аткаруучу Советбек Урманбетов, белгилүү ырчылар Эльмира Дүйшеева жана Улан Качкыналиевдин аткаруусунда обондуу ырлар менен коштолот.


Кечени акын, котормочу Алтынбек Исмаилов алып барат.