Бишкекте «Ынтымактуу конуштар» долбоорунун жыйынтыктарын чыгарышты

November 1, 2019, 06:00

Бишкекте 2019-жылдын 31-октябрында «Бишкек шаарынын турак-жай конуштарында тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн социалдык жана гендердик теңчиликти алга илгерилетүү» долбоору боюнча корутунду конференция өттү, долбоор борбордун турак-жай конуштарын өнүктүрүү боюнча өткөн жылдан тартып иштеди

 

Жыл аралыгында үч агенттик БУУ – ЮНФПА, ЮНИСЕФ, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду борбордук муниципалитет менен биргеликте жаштардын, Ден соолук коомдук комитеттеринин мүчөлөрүнүн, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин жана пилоттук турак-жай конуштарынын Үй-бүлөлүк врачтар топторунун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатты, саламаттык сактоо, билим берүү, коопсуздук чөйрөсүндө тренингдерди өткөрдү жана турак-жай конуштарынын инфраструктурасын жакшыртты.

 

«Бул долбоор ар түрдүү платформалар жана биргелешкен демилгелер аркылуу жамааттардын мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү бийликтин, милициянын жана башка мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосунда диалог түзүүгө жардам берди. Бул күч-аракеттер тургундардын жана жергиликтүү бийликтин ортосунда өз ара ишенимди жакшыртууга жардам берди, мындан ары Бишкектин турак-жай конуштарынын бейпил өнүгүшүнө көмөктөшөт деп ишенебиз», - деп айтты өзүнүн саламдашуу сөзүндө БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Координатору, Озонниа Ожиело.

 

Конференцияда долбоордун ар бир багыты боюнча натыйжалар, жарандардын ийгиликтүү таржымалдары презентацияланды, ошондой эле турак-жай конуштарынын эң жигердүү тургундарын салтанаттуу сыйлоо болуп өттү.

 

Эске сала кетели, бул долбоордун алкагында жаш лидерлердин демилгеси боюнча Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Бакай-Ата, Ак-Тилек, Рухий-Мурас турак-жай конуштарында беш воркаут аянтча курулду, Ак-Ордо жана Көлмө турак-жай конуштарында балдар аянтчалары курулду. Эне-Сай жана Ак-Бата турак-жай конуштарынын жаштары ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдүү сахнага артыкчылык берди. Жеңиш турак-жай конушунда спорттук зал оңдолду жана жабдылды. Ошондой эле Калыс-Ордодо жана Мурас-Ордодо сегиз көчө иретке келтирилди, 13 көчөдө көчөгө жарык орнотулду.