Роза Отунбаева медиация боюнча Стамбул конференциясына катышты

November 1, 2019, 06:00

2019-жылдын 31-октябрында Роза Отунбаева медиация боюнча Стамбул конференциясына катышты, быйылкы жылы анын темасы «Тынчтыктын кызыкчылыгында эл аралык ортомчулук: кырдаалды талдоо жана келечектер» болду. Ал тынчтык жана ортомчулук маселелеринде региондук жана эл аралык уюмдардын ролуна арналды.


Иш-чаралардын алкагында БУУнун Башкы катчысынын жана жогорку деңгээлдеги Консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда ортомчулук жана тынчтыкты жаратуу чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал жана тынчтыкты сактоо боюнча күч-аракеттерге жаңы технологиялардын таасири боюнча медитация маселелери талкууланды. Кеңештин курамына Кыргызстандын, Финляндиянын жана Нигериянын мурдагы президенттери, Иорданиянын, Алжирдин, Танзаниянын, Индонезиянын, Гватемаланын, Чилинин мурдагы тышкы иштеп министрлери, Афганистандын аялдардын иштери боюнча мурдагы министри жана БУУнун жана айрым уюмдардын мурдагы жетекчилери кирет. Иш-чарага бардыгы болуп мамлекеттердин 56 өкүлү катышты.