Санарипке карай жол

October 18, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция жыйынтыкталды.

 

Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана студенттери катышты.

 

Өз сөзүндө КР экс-президенти Р.Отунбаева азыркы учурда бир гана кесип менен иштөө мүмкүн болбой, үч төрт жолу кесип өзгөртүү мыйзам чегиндеги иш болуп калгандыгын айтып, коомчулукту интернет менен иштөөгө чакырды.

 

Иш-чарада КР Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин IT долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Акматов Калыбек, санариптештирүү жана мамлекеттик электрондук кызматтар тууралуу баяндама жасап, катышуучулар тарабынан зор көңүлгө ээ болду. КР Жогорку технологиялар паркынын директору Алтынбек Исмаилов “Санариптештирүү – аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” темасында баяндама жасап, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

 

Конфренциянын жүрүшүндө “Илим жана Жогорку окуу жайлар санариптештирүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү”, “Окуу жайдагы санариптештирүү кадамдары жана тажрыйбасы”, “Топуракты жана ресурстарды сактоочу санариптик технологиялар”, “Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрү жана компетенциялары”, “Илим изилдөө мейкининдеги санарип”, “Интернет ишкердик”, “Санариптик төлөмдөр дүйнөдө жана бизде” темалар боюнча панелдик талкуулоолор болду.

 

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, окумуштууларынын, Бай Түшүм, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банктардын, Мегаком мобилдик компаниянын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталып, мастер класстар да өткөрүлдү.

 

Конференциянын максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата областтардын, райондордун активдерине, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, айыл аймактарынын башчыларына дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү болду.

 

Катышуучулар санариптик кадамдарды ишке ашыруу боюнча суроолорго жооп алышып, жалпы аймактын жашоочуларынын санариптик маалымдуулугун жогорулатуу максатыбыз ишке ашты десек жаңылышпайбыз.