Жалал-Абадда «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде» конференциясы өтүүдө

October 17, 2019, 06:00

17-октябрда Жалал-Абад облусунда КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтүүдө.


Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышууда.


Ал эми КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, КР Жогорку технологиялар паркы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын окумуштууларынын, Бай Түшүм, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банктардын, Мегаком мобилдик компаниянын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталып, мастер класстар өткөрүлөт.


КР экс-президенти Р.Отунбаева азыркы учурда бир гана кесип менен иштөө мүмкүн болбой, үч төрт жолу кесип өзгөртүү мыйзам чегиндеги иш болуп калгандыгын айтып, коомчулукту интернет менен иштөөгө чакырды.