Пресс-релиз «Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде»

October 14, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-17-октябрында КР экс-Президенти Роза Отунбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана Бизде” аттуу санариптештирүү процессиндеги дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү жетишкендиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча конференция өтөт.


Конференцияга областтын активдери, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, агартуу, саламаттык сактоо жана маданий тармагынын өкүлдөрү катышат. КР Илимдер академиясынын, КР Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин, КР Жогорку технологиялар паркы, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин, Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясынын окумуштууларынын, Бай Түшүм, Кыргыз инвестициялык-кредиттик банктардын, Мегаком мобилдик компаниянын ийгиликтүү иш тажрыйбалары сунушталат жана мастер класс өткөрүлөт.


Конференциянын максаты - Кыргыз Республикасынын Президентинин “Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылына карата областтардын, райондордун активдерине, мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине, айыл аймактарынын башчыларына дүйнөдөгү жана өлкөбүздөгү санариптик ачылыштар, технологиялар менен тааныштыруу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзүү. Катышуучулар санариптик кадамдарды ишке ашыруу боюнча суроолорго жооп ала алышат. Жалпы аймактын жашоочуларынын санариптик маалымдуулугун жогорулатууну дагы көздөйт. Санариптик чөйрөнүн жигердүү катышуучусу болууга жана келечекте кесип тандоого багыт берет.


Конференциянын катышуучулары дүйнөдөгү санариптик өзгөрүү жана өнүгүү боюнча кеңири маалымдуулукка ээ болушуп, өлкөбүздөгү санариптик өнүгүү багытында агартуу тармагынын жасап жаткан иштери боюнча кеңири маалымат алышып, санарипти пайдалануу боюнча тажрыйба алмашышып, билгичтиктери пайда болот. Ошондой эле өлкөбүздөгү санарип процессине жигердүү киришүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.