Чакан гранттар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечет

October 11, 2019, 06:00

Талас областынын Талас айылында (Манас району) сентябрдын башында демейдегиден башкача долбоор старт алды.

 

Бул долбоордун алкагында Манас районунун Талас айылындагы ооруканада эски терезелерди энергияны үнөмдөчү жылчыксыз жаңы терезелерге алмаштыруу боюнча иштер аткарылып жатат. Долбоор ФРГнын КРдагы Элчилигинин Калктын аялуу катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча чакан долбоорлору программасынын алкагында ишке ашырылып жатат.

 

Маалымат: Тээ алыскы 1968-жылы курулган оорукананын имараты бир жолу да баштан-аяк оңдолгон эмес, бирок ошого карабастан оорукана Манас районунун үч айылынын тургундарын тейлөөнү улантууда.