Билим берүүчү уюмдарга жана китепканаларга «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китеби берилди

October 5, 2019, 06:00

4-октябрда Бишкек шаарынын билим берүүчү уюмдарына жана китепканаларына “Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары” китептерин берүү аземи болуп өттү. Китепти АКШнын КРдагы Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын финансылык колдоосу менен «SТЕМ’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогоурлатуу» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ басып чыгарды.

 

Кыргызстандагы STEM жагынан көрүнүктүү илимпоз айымдарга КР УИАнын мүчө-корреспонденттери Розалия Жээнчороеваны, Шарипа Жоробекованы, химия илимдеринин доктору Минира Баткибекованы, КРнын энергетика чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкери Дарияхан Мукашеваны, дүйнөдөгү эң атактуу илимпоздордун бири Асель Сартбаеваны кошууга болот. Алар жөнүндө, STEM жагынан ийгиликтүү 10 долбоор жөнүндө жана «КР айымдары STEM’де» тармагы жөнүндө «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» китеби жазылды.

 

Салтанаттуу аземде долбоордун координатору Анипа Усупкожоева «SТЕМ’деги айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ролун жогоурлатуу» долбоорунун максаты, долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө, китеп жана анын кыздарды техникалык жана инженердик адистиктерге тартуу үчүн ролу жөнүндө айтып берди. Азем китептерди КР ЖК китепканасына, Кыргыз-Герман техникалык институтуна, «Манас» Кыргыз-Түрк Университетине, И.Арабаев атындагы КМУга, Ж.Баласагын атындагы КМУга, АУЦАга, Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясына, И.К.Ахунбаев атындагы КММАга, М.Рыскулбеков атындагы КЭУга, академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо иштери жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетине, «Алтын түйүн» РДИТАга, "Ала-Tоо" эл аралык университетине, КР УИАга, Кыргызстандын А.Осмонов атындагы улуттук китепканасына, К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасына жана башкаларга берүү менен аяктады.