Ошто коопсуз миграция маселелерин талкуулоо болуп өттү

September 29, 2019, 06:00

2019-жылдын 23-сентябрында Барскоон айыл аймагында коомдук угууга жана Барскоон айыл аймагынын сессиясына карата Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча практикалык семинар болуп өттү. Практикалык семинардын максаты – өңүттөрдү, артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди, ошондой эле гендердик курамды кошуу жана миграция боюнча артыкчылыктарды аныктоо менен ар бир тармак боюнча күтүлгөн натыйжаларды жана көрсөткүчтөрдү жеткире иштеп чыгуу. Семинарга Барскоон айыл аймагынын башчысы жана кызматкерлери, айылдын активисттери жана лидерлери, КР Өкмөтүнө караштуу ГАМСУМОнун Ысык-Көл областындагы өкүлү катышты.

 

Коомдук угуу Барскоон айыл аймагында эки жүздөн ашык адамдын катышуусу менен 24-сентябрда өттү. Барскоон айыл аймагынын башчысы Жаныбек Усөнбаев, Барскоон айылдык кеңешинин төрагасы Насырбек Чекиров угууну расмий ачып, чогулган тургундар жана меймандар менен саламдашты, ошондой эле Барскоон айыл аймагынын Программаны иштеп чыгуу боюнча кызматкерлери жасаган иштин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Коомдук угууда Барскоон айыл аймагынын жооптуу катчысы Кундуз Дөлөтбакова Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын айылдын тургундарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, ден соолук коомдук комитеттеринин, айымдар комитетинин, бизнестин, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө жана башкаларга презентациялады. Коомдук угууга катышып олтурган адамдар айыл аймагынын өңүтү жөнүндө маалымат алды, өздөрүн кызыктырган суроолорду берди жана алдыга коюлган максаттарга жетишүү жөнүндө, Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу жөнүндө тилектери менен сөз сүйлөдү. Ошол эле күнү Барскоон айылдык кеңешинин сессиясы өттү, анда миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү менен 2020-2022-жылдарга Барскоон айыл аймагын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы депутаттардын бир добуштан кабыл алынган чечими менен бекитилди.

 

Сузак айыл аймагында 25-сентябрда активисттердин жана айыл аймагынын кызматкерлеринин катышуусу менен Практикалык семинар болуп өттү. Семинарда өңүттөр, артыкчылыктуу максаттар, милдеттер, ошондой эле гендердик курамды киргизүү жана Программанын миграция боюнча артыкчылыктарын аныктоо менен ар бир тармак боюнча күтүлгөн натыйжалар жана көрсөткүчтөр жеткире иштелип чыкты. Кийинки күнү Программаны коомдук угуу, Сузак айыл аймагынын башчысынын орун басарынын демилгеси боюнча уюштурулган турмуш-тиричилик техникасынын көргөзмөсү өттү. Коомдук угууда Программаны Сузак айыл аймагынын экономист-статисти Хурбаев Рахматулло презентациялады. Презентация аяктагандан кийин Программаны талкуулоо жүргүзүлдү. Сузак айыл аймагында, ошондой эле Барскоон айыл аймагында коомдук угуудан кийин жергиликтүү кеңештин сессиясы болуп өттү, анда миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү менен 2020-2022-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилди.

 

Анын алкагында Барскоон жана Сузак айыл аймактарында миграция боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкмаларды киргизүү боюнча Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жүргүзүлгөн «Кыргызстанда миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү» долбоору тогуз айга созулду. Роза Кайыкова, Сагипа Джусаева, Алмаз Асанбаев, Руслан Садырбаев, Марат Додонов жана Мирбек Калмырзаев долбоордун эксперттери болду. Долбоор Миграция боюнча эл аралык уюмдун КРдагы Өнүктүрүү эл аралык фондунун финансылык колдоосу аркасында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан ишке ашырылды.