Бишкекте 50 жаштан өткөн адамдарды санариптик технология жөндөмдөрүнө окутушат

September 27, 2019, 06:00

Бишкекте улуу муун үчүн «Санарип 50+» долбоору старт алды, анда санариптик жана финансылык сабаттуулукка үйрөнүүгө болот.

 

Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык тармак аркылуу баарлашуу, расмий кат алышууну жүргүзүү үчүн электрондук почтаны пайдалануу, ошондой эле накталай эмес операциялар үчүн Элсом электрондук капчыгын жана финансылык санариптик өбөлгөлөрдүн негиздерин пайдалануу. Дүйнөлүк тармакта коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат, интернеттин учу-кыйыры жок мейкиндиктеринде өзүнүн жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө маалымат, ошондой эле финансылык тармактагы киберкоопсуздук боюнча кеңештер берилет.

 

«Санарип 50+» долбоорунун максаттары жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023»: «Санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө» стратегиясынын №1 милдети» санариптик трансформациясынын беш жылдык стратегиясынын максатына дал келет жана «Бүткүл калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик жөндөмдөр» компоненти боюнча максаттуу индикаторлорго көмөктөшөт.

 

Бул долбоор KICB банкы менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленди жана 2020-жылдын майына чейин улантылат, окутуу акысыз.