Ошто коопсуз миграция маселелерин талкуулоо өтөт

September 25, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош шаарындагы Түштүк резиденциясында USAIDдин «Адамдын укугу жана кадыр-баркы» регионалдык долбоорунун алкагында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн жана кайтып келген мигранттардын ичинен коомдоштуктардын келечектеги лидерлеринин ортосунда диалог өтөт.

 

Диалогдун максаты – кайтып келген активдүү мигранттарды чогултуу жана проблемаларды чечүү боюнча маселелерди, адам укуктарын илгерилетүүдө, жөнгө салынбаган миграциянын тобокелдиктери жөнүндө маалыматты жайылтууда, адамдарды сатууда/контрабандада алардын мигранттык коомдоштуктарынын ортосунда мамиле түзүү үчүн аянтча берүү, ошондой эле тобокелдиктерге жана мигранттардын кайра интеграцияланыша жол бербөөнүн ыкмаларын талкуулоо.

 

Диалогго өз коомдоштуктарында волонтер/активист болууну каалаган демилгелүү мигранттар жана өлкөнүн бардык региондорунан келген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле КР Өкмөтүнүн Ош областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын, ӨЭУлардын, БУУ МЭУнун жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын өкүлдөрү жана областтык жана райондук деңгээлдердеги мамлекеттик башка кызматчылар катышат.

 

Кайтып келген мигранттардын кээ бир категориялары өзүнүн коомдоштугуна өз алдынча кайра интеграциялана алышпайт. Узак мөөнөткө тыюу салынган үй-бүлөлөрдү багуучулар, колунда багуусундагылары бар ташталган аялдар, ден соолугу начар адамдар, кесиптик тажрыйбасы анча чоң эмес адамдар же дайындоо өлкөсүндө аз төлөнүүчү квалификациялуу эмес эмгек кылгандар мисал катары көрсөтүлөт.

 

Бул диалогдун алдында адам укуктарын алга илгерилетүү боюнча волонтердук иш жөнүндө активист-мигранттар үчүн окутуучу эки жайкы лагерь өткөрүлдү. Лагерлердин ишине Кыргызстандын 7 областынан социалдык жактан активдүү, мигрант болгон жана коомдоштуктардын лидерлери болууга жана аларды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр 30 жаран катышты.

 

Долбоор АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосунда Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ)/ БУУнун Миграция боюнча агентиги тарабынан ишке ашырылуучу USAIDдин «Адамдын укугу жана кадыр-баркы» регионалдык долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлүүдө.