«Балдарга көркөм өнөр жөнүндө» китеби үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга Москвада сыйлык тапшырылды

September 11, 2019, 06:00

2019-жылдын 6-сентябрында 32-Москва эл аралык китеп көргөзмө-ярмаркасында КМШга катышкан мамлекеттердин «Китеп көркөм өнөрү» деген XVI эл аралык конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

 

«Китеп көркөм өнөрү» – КМШ өлкөлөрүнүн китеп чыгаруучуларынын жана полиграфисттеринин башкы кароосу. Ал 2004-жылдан бери КМШга катышкан мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтыктын мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен Басма сөз жана массалык коммуникациялар боюнча федералдык агенттиктин жөлөгү астында өткөрүлүп жатат.

 

Белгиленгендей, быйылкы жылы конкурска КМШнын жети өлкөсүнөн: Азербайжан Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Россия Федерациясынан, Тажикстан Республикасынан жана Түркмөнстандан 80 басылма келип түштү. Конкурс 11 номинация боюнча өткөрүлүп жатат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Балдар көркөм өнөр жөнүндө» сериясы «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китептер» номинациясында I даражадагы диплом менен сыйланды.