Калыс-Ордо конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча ачылды

September 9, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушунда балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтчанын ачылышы болду.


Иш-чарага конуштун тургундары, жаштары, ак-сакалдары, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскаров, Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Талант Мусуркулов, БУУ Калкты жайгаштыруу Фондунун жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.


Чакырылган конокторго, конуштун тургундарына жаштар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланып, жаш бийчилер өнөрлөрүн тартуулашып элдин маанайын көтөрүштү. “Ынтымактуу конуштар” долбооруна активдүү катышкандыгы, конуштун өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн жаштар Муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланышты.


Айта кетсек, балдар үчүн оюн жана машыгуу аянтча “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында, конуштун жаштарынын демилгеси менен салынды.