Цукуба Университетинен келген студенттерге «Айымдар техникада жана илимде» долбоору жөнүндө айтып беришти

September 5, 2019, 06:00

2019-жылдын 5-сентябрында Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борборунда «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы өттү. Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү.

 

Долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова студенттерге STEM’дин жаралышынын тарыхы жөнүндө, КРдагы илим жана техника жагындары айымдардын ролу жөнүндө айтып берди, өзүнүн тажрыйбасын жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын кыз-келиндерди так илимдерге, инженердик жана техникалык адистиктерге тартууга багытталган долбоору жөнүндө пикирин бөлүштү.

 

Презентация дискуссия менен аяктады, ал жерде каалаган ар бири кызыктырган суроолорго жоопторду алды, ошондой эле эстеликке сүрөткө түштү.