«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2019-жылдын сентябрына иш-чараларынын дайджести

September 5, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

 

2019-жылдын сентябрына

 

иш-чараларынын дайджести





5-сентябрь - «Айымдар техникада жана илимде» долбоорунун презентациясы

Качан: 5-сентябрь, саат 14.00-15.00дө

Кайда: Кыргыз-Япон адамды өнүктүрүү борбору

Презентациянын максаты – Цукуба Университетинен (Япония) келген студенттерге долбоор жөнүндө кең-кесири маалымат берүү. Спикер - долбоордун катышуучусу, «КР айымдары STEM’де» тармагынын мүчөсү Айнура Чокморова

Тили: англис

Телефон: 0708821504 (Асель Маражаббай кызы)



18-19-сентябрь - Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнөктөрүнүн субрегиондук жолугушуусу

Качан: 18-19-сентябрь

Кайда: Бишкек шаары

Субрегиондук жолугушуунун максаты 2030 Күн тартибинин артыкчылыктары менен өз ара байланышта Пекин декларациясы жана Аракеттердин платформасы боюнча улуттук милдеттенмелерди ишке ашыруу процесстерин тездетүү үчүн зарыл болгон диалог жана жаңы ыкмаларды биргелешин аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү болуп саналат, ал Борбордук Азияда гендердик теңчиликке жетишүүгө жана айымдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн алга илгерилетүүгө көмөктөшөт.

Тили: орус

Телефон: 0700321100 (Нурия Кийизбаева)



21-сентябрь – «Тазалыктын бүткүл дүйнөлүк күнү» экологиялык акциясы

Качан: 21-сентябрь

Кайда: Бишкек шаары

Бишкек шаарынын булганган жерлерин таштандыдан жана турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан тазалоо.

Телефон: 0555 151851 (Данияр Сүйүндүк уулу)



27-сентябрь – Кайтып келген мигранттардын ичинен коомчулуктардын активисттеринин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог

Качан: 27-сентябрь, саат 09.00 – 14.30да

Кайда: КР Президентинин № 2 Мамлекеттик Резиденциясы (Ош шаары)

Максат – Адам укуктарын сактоого, мигранттардын кызыкчылыктарын жана эмгек укуктарын эсепке алууга, ошондой эле адамдарды сатууга каршы аракеттенүүгө негизделген миграциялык саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары жана башка кызыкдар тараптар менен диалогду тартипке келтирүү.

Тили: кыргыз

Телефон: 0558 585892 (Жаныбек Капаров), 0708821504 (Асель Маражаббай кызы)



Башталгыч мектептердин мугалимдери үчүн оюн дидактикалык материалын презентациялоо – Билим сандыгы: «Кыргызстаныбызды изилдейбиз»

Так датасы жана убактысы кошумча маалымдалат.

Кыргызстандын биомаданий ар түрдүүлүгү жөнүндө, мектепке чейинки курактагы балдарга салттуу жана экологиялык билимдер жөнүндө маалымат берүүдө МБУлардын методисттерине/тарбиячыларына практикалык жардам берүү үчүн методикалык окуу куралы жана оюн дидактикалык материалы иштелип чыкты.

Тили: кыргыз/орус

Телефон: 0555 788825 (Нурзат Жээмбаева)



Миграция жана жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү боюнча артыкчылыктарга гендердик ыкманы киргизүү боюнча программалардын долбоорлорун талкуулоо боюнча коомдук угуулар

Так датасы жана убактысы кошумча маалымдалат.

Кайда: Барскоон айыл аймагы, Сузак айыл аймагы

Максат – Коомдук угуулардын учурунда чогултулган сунуштамаларды киргизүүнүн негизинде Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын финалдык текстин даярдоо.

Тили: кыргыз

Телефон: 0708821504 (Асель Маражаббай кызы) 0555004240 (Альбина Осмоналиева)