Бакай-Ата конушунда «Ынтымактуу кошуналар - ынтымактуу конуштар!» аттуу Ден cоолук жана биримдик фестивалы өттү

August 30, 2019, 06:00

28-августта Бишкек шаарындагы Бакай-Ата конушунда "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" аттуу Ден соолук жана биримдик фестивалы өттү.


Фестивалга Бишкек шаарынын 10 конушунун (Ак-Ордо, Ак-Бата, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо, Эне-Сай) тургундары, жаш лидерлери, Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары, адистери, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана чакырылган коноктор катышты.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургул Кендирбаева долбоорго активдүү катышкан конуштун тургундарына жана өнөктөш катары болуп иштеп келген мэрияга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жана активситтерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ынтымакты бекемдөө боюнча, жаштардын, аялдардын, баардык активисттердин колдоосу менен ишке ашырууга бул сунушту колго алган БУУ Калкты жайгаштыруу фондуна да ыраазычылык билдирди.


“Бир жылдан ашык бирге иштеп, демилгелерди колдоп, ушул ишке ишенгендигиңер үчүн ыраазычылык билдиребиз. Баардыгыбыз бир максаттын үстүндө иштедик. Кыргыз элибизде, айрыкча жаңы конуштарыбыздын элдеринин ортосунда ынтымак, бири-бирибизде ишенимдүүлүк болсо экен, бул ынтымак түбөлүк болсо деп . Өтө таланттуу, өзү жашаган айылды гүлдөтүп алууга даяр балдарды жана инсандарды бириктирдик, таптык жана кубаттандырдык. Спорт менен, акылдуулук менен, ден соолук менен гана атаандашып жүрөлү”, - деп белгиледи өз сөзүндө Д.Кендирбаева.

 

БУУ нун Калкты жайгаштыруу фондунун КР аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков ачылган воркаут аянтча жаштардын демилгеси менен салынгандыгын белгилеп, аянтчага жаштар келип машыгып, ден соолуктарын чыңдап, Кыргызстандын ийгиликтүү жарандарынан болушун каалады.


Бишкек шаарынын мэриясынын атынан Эльнура Карыбаева ыраазычылык билдирүү менен “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун алкагында көптөгөн балдар аянтчалар, воркаут аянтчалар жана мобилдүү сахна конуштарга курулгандыгы абдан жакшы көрүнүш экендигин баса белгиледи жана БУУ нун Калкты жайгаштыруу фондунун КР аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаковго, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун командасына мэриянын Ыраазычылык каттарын тапшырды.

 

Иш-чара Бакай-Ата конушундагы жаштардын демилгеси менен салынган воркаут аянтчанын ачылышы менен башталды. Пилоттук конуштардан куралган беш команданын катышуусунда воркаут турнири өтө кызуу өттү. Турнирдин жыйынтыгында 3-орунга Ак-Ордо жана Рухий-Мурас командасы ээ болсо, 2-орунга Ак-Бата жана Ак-Тилек конушунун "Ак илбирс" курама командасы чыкты. Ал эми 1-орунга Көлмө жана Жеңиш командасы татыктуу болду. Баардык жеңүүчүлөр диплом, медалдар жана сыйлуу белектер менен сыйланышты. Айта кетүүчү жагдай, командалардын жеңүүчүлөрүн аныктоодо гендердик теңчилик, жаш курагы, актердук чеберчилик, жана көрсөткөн акробатикасына көңүл бурулду. Негизги судья дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиадалык оюндардын чемпиону Каныбек Осмоналиев болду. Воркаут боюнча“Барсбек” курама командасынан мастер класс көрсөтүлдү.


Ынтымактуу кошуналардын эл аралык күнүнө карата ар бир конуштун Коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү, активдүү тургундары жана жаштар тарабынан ынтымак, биримдик, тынчтык темасындагы театралдашкан номерлери көрсөтүлүп, чакан концерттик программа тартууланды. "Ынтымактуу кошуналар-ынтымактуу конуштар" фестивалын колдоп, эстрада ырчылары Алтынай Нарбаева, Жылдыз Тутуева, Кайрат Примбердиев, "Кыргыз руху" ансамбли келип жакшы маанай тартуулашты.

 

Белгилей кетсек “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоору Бириккен улуттар уюмунун үч агенттиги ЮНФПА/ЮНИСЕФ/УНП жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.


Воркаут турнири Воркаут Федерациясы менен бирге өткөрүлдү.