«Гений» радиоберүүсү: Мектепте англис тили сабагынын саатынын көбөйүшү жана натыйжасы

August 21, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында мектеп окуучуларынын англис тили сабагынын сааттарынын көбөйүшү жана анын натыйжалары жөнүндө сөз болду. Мектептерде чет тилдерди окутуу 3-класстан 11-класска чейин жүргүзүлөт, англис тилинин сааттары быйыл 5-класстар үчүн 5 саат, 6-класстарга 4 саат, 7-класстарга 3 саат кошулду.

 

Чет тилдердин маанилүүлүгү, муктаждыгы жана натыйжасы тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Сыдыкназарова Кылым, Кыргыз Билим берүү академиясынын президенти Токтомаметов Алмазбек жана №69 мектеп гимназиясынын англис тили сабагынын мугалими Алыбекова Аймарал менен маек курдук.