Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук система аркылуу иштөөгө өтүүдө

August 21, 2019, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 15-16-августтарында “Ынтымактуу конуштар” долбооруна пилоттук болуп кирген Бишкек шаарынын Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата жана Көлмө жаңы конуштарынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) кызматкерлерине жана Коомдук ден соолук комитеттеринин (КДК) мүчөлөрүнө персоналдык компьютер жана электрондук почта аркылуу иштөөгө үйрөтүү окутуулар өткөрүлдү.


Окутуунун максаты – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен Коомдук ден соолук комитетинин ишин электрондук форматка өткөрүү аркылуу аткарылып жаткан ишти жеңилдетүү болуп саналат.


Окутууга Калыс-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Бата, Көлмө конушунун ҮДТ жетекчилери, медайымдары жана КДК активдүү мүчөлөрү катышты.


Көлмө конушунун №5 ҮДТ жетекчиси Акылай Эсенгелдиева мындай окутуулар бардык медицина электрондук форматка өтүп жаткан учурда өтө маанилүү экендигин белгилеп, буларга токтолду: Биз Коомдук ден соолук комитети менен тыгыз иштешебиз. Эми болгон маалыматты электрондук почта аркылуу бири-бирибиз менен бөлүшүп турабыз. Бул биздин ишибизге жеңилдик алып келип, убактыбыз дагы үнөмдөлөт.


“Буга чейин компьютер менен биз үстүртөдөн тааныш болчубуз. Бул окутуулар аркылуу компьютерди колдонгонду үйрөнүүдөн сырткары электрондук почта аркылуу документтерди жөнөтүүнү да өздөштүрдүк. Компьютердик системага өтүп жаткан учурда бул окутуу биз үчүн өтө маанилүү, пайдасы дагы чоң. “Ынтымактуу конуштар” долбоору аркылуу ҮДТ компьютерлер берилген, эми мындан аркы ишибиз жалаң электрондук форматта болот”, - дейт Ак-Ордо конушунун №29 ҮДТ улук медайымы Нарынкул Шамиева.


Айта кетсек долбоордун алкагында 10 жаңы конуштун ҮДТ керектүү медициналык жабдуулар берилип, компьютер, принтерлер менен камсыз болушкан.


Окутуулар “Социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Окутууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун “50+ курактагы адамдарга мобилдик технологиялар” долбоорунун координатору Назгуль Кабылбаева өттү.