«Бакай Банк» балдардын өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда

August 22, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2014-жылдан бери «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоору Кыргызстандын бардык аймагында иштеп келет. 2019-жылы 114 ЖӨБ ачылып, жай мезгилинде 3200 ашык бала билим алды.

 

Бир нече жылдан бери «Бакай Банк» балдардын билим берүүсүнө багытталган “Жайлоо Өнүгүү борборлору” долбооруна каржылык жактан жардам берип келет. 2019-жылы которулган акча каражаты балдарга ар кандай мастер класстарды өткөрүүгө, чыгармачыл топторду жана тарбиячыларды тартууга жумшалды.

 

ЖӨБтарбиячыларжаңыокууматериалдармененбирнечебагыттарбоюнчамастеркласстардынтүрлөрүнөткөрүштү.

 

Баса белгилей кетүүчү жагдай, 2019-жылы жаңы технологияларга жана математикага басым жасалды. Андан сырткары кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, куурчактарды жасоо, шахмат, тогуз коргоол, дене тарбия, сүйлөөнү өнүктүрүү, коопсуздук эрежелери жана ар кандай өнүктүрүүчү оюндарды үйрөнүүгө жумшалды.