«Гений» радиоберүүсү: Кыргызстандык окуучулардын химия боюнча Эл аралык олимпиадада көрсөткөн жыйынтыктары

August 20, 2019, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду менен Биринчи радионун биргелешкен “Гений” радиоберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Парижде өткөн химия боюнча Эл аралык олимпиадасына катышкан кыргызстандык окуучулардын көрсөткөн жыйынтыктары жөнүндө сөз болду.


Олимпиада үстүбүздөгү жылдын июль айында өтүп, ага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан. Кыргызстандан төрт окуучу: Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров, Бакай Шейитов жана Мирхад Чекирбаев барган. №9 мектептин бүтүрүүчүсү Мирхад Чекирбаев олимпиадада 3-орунду багындырып, коло медаль менен кайтса, калган окуучулар сертификат менен сыйланышты.


Олимпиадага көрүлгөн даярдык, түзүлгөн шарттар жана ийгиликтер тууралуу окуучулардын устаты Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Бакыт Боркоев жана олимпиаданын катышуучусу Бакай Шейитов менен маек курдук.