Жайлоо өнүгүү борборунда тарбияланып жаткан балдардын креативдүү сапаттарын өнүктүрүшүүдө
August 1, 2019, 06:00Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү.
Иш-чарага ата-энелер, облусттук билим берүү институтунун кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин жана Заря корпоративинин өкүлдөрү катышты. Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ЖӨБ каржы жагынан жардам беришти.
Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери эстафета оюндарын ойнотушуп, шурудан билээрик жасоо боюнча мастер класстарды көрсөтүштү.
«Балдардын өз колунан жасалган буюмдарынын көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө тобурчактан жасалган парда, жаныбарлар жана таштан боелгон доминолорду коюшту. Ошондой эле жайлоо өнүгүү борборунун тарбиялануучуларынан чакан концертке дагы күбөө болдук, жети жаштагы Нурэл "Кыялымда булуттар" темасындагы өз ой чабыты менен жаралган чыгармасын айтып берип, бизди таң калдырды», дейт Ысык-Көл облусу боюнча ЖӨБ координатору Эльмира Узакова.
ЖӨБ жетекчиси Г.Абыкеева балдарга кеңсе буюмдарын жаңы окуу жылына карата белек кылды.