2019-жылдын 1-2-август күндөрү Бишкектеги КР Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында КР Президентине караштуу чет өлкөлөрдөгү мекендештер менен байланыш боюнча Кеңештин биринчи жыйыны өтүп жатат

August 1, 2019, 06:00

Белгилей кетсек, бул иш чара “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан негизделип, 2012, 2014, 2016, 2018-жылдары төрт ирет тең коомдо чоң окуя катары өткөн Мекендештер Форумунун ишмердигинин түздөн-түз жыйынтыгы деп айта алабыз.


Анткени аталган иш чара мамлекеттик структура менен чет жактарда иштеп жүргөн мекендештердин Кыргызстанды өнүктүрүү максатындагы өз ара диалогун камсыз кылууда мыкты аянтча болуп бере алгандыгын иш жүзүндө көрсөттү жана Кыргыз Республикасынын миграция саясатын өнүктүрүүдө өзүнүн баа жеткис салымын кошо алды. Ар бир Форум биздин мекендештерди өз Мекенине жакындатты, анын өсүп-өнүгүүсү, келечеги тууралуу иштиктүү кадамдарды жасоого түрттү.


Натыйжада Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө» Жарлыкка кол койду.


Бүгүн аталган Кеңштин биринчи жыйыны өтүп жатат. Анда Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын маанилүү маселелери талкууга алынууда.