Эко-арт лагердин катышуучулары ак илбирстерди көрүштү

July 23, 2019, 06:00

Кара-Кужур жайлоосунда өтүп жаткан Кыргызстандагы биринчи эко-арт лагердин катышуучулары Ананьевадагы Айбанаттарды калыбына келтирүү борбору менен таанышып, ак илбирстерди көрүштү.


20 ашык өспүрүм 19-июлда Ысык-Көл облусунун Ананьева айылындагы Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU) Айбанаттарды калыбына келтирүү борборунда болушуп, ал жактагы эки ак илбирс, сүлөөсүн, бүркүт, түлкү жана куштарды көрүп, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, суроолоруна жооп ала алышты. Балдарга ак илбирстердин аттары, жашы, эмне себептен улам борборго түшкөндүгү кызык болду.


Лагерге катышуу үчүн балдар үчүн атайын конкурс жарыяланган, анда ак илбирстин сүрөтүн тартып, макал-лакап жазыш керек болчу. Конкурска балдар активдүү катышып, жыйынтыгында эң мыктылар тандалган.


Жибек Жаныбекова лагерь боюнча уккандан баштап интернеттен, китептерден ак илбирс жөнүндө маалымат издегенин, буга чейин эле ак илбирс тууралуу билсе дагы көп билгиси келгендигин айтты. Жибек мурун ак илбирсттин сүрөтүн гана көрүп жүрсө эми жакындан көрүп кооздугуна суктанды.


Кызыл-Суу айылынан келген 11 жаштагы Медина Эрмекова лагерь тууралуу апасынан угуп, дароо катышууну чечкен. “Мага ак илбирс жөнүндө дил баян жазыш оор болгон жок, анткени ак илбирстер жөнүндө көп эле окуп келгем. Болгону сүрөт тартканда эле кичине кыйналдым”, - дейт Медина.


Конкурста өзгөчө сүрөт тарткан Альбина Токказиева, бүркүттү кызыл китепке киргендиги үчүн тартканын айтты. “Бул лагерь жөнүндө мага апам айтты, актердук чеберчиликке үйрөтөт, тоодо өтөт, шаарда болсо ысык болуп жатат деп кызыктырды. Азыр ак илбирстерди өз көзүм менен жакындан көрүп аябай кубанып жатам”, - деди Альбина.


Лагерь 20-июлда башталып 28-июлга чейин Кара-Кужур жайлоосунда уланат. Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт.


Айта кетсек лагерь “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси NABU тарабынан өткөрүлүп жатат.