Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагери өтөт

July 18, 2019, 06:00

2019-жылдын 20-июлунан 28-июлуна чейин Кыргызстандын эң кооз, ак илбирс уялаган, мамыры гүлдөрү жайнаган, атактуу - Кара-Кужур жайлоосунда 20 өспүрүм катышкан эко-арт лагери өтөт.


Катышуучулар кино, актердук чеберчилик, живописти үйрөнүү аркылуу экология тууралуу түшүнүк алышат жана бул боюнча өз ойлорун айтууну үйрөнүшөт. Кыздар жана балдар аталган жанрлар боюнча командаларга бөлүнүп алып иштешет. Аларга ХV Казань фестивалында гран прини, «Ак илбирс» конкурсунун 9 номинациясын жеңип алган, Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн “Дарак ыры”тасмасынын режиссору, белгилүү кинорежиссор Айбек Дайырбеков, Көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын ээси, белгилүү сүрөтчү Замир Илипов, Манас таануу боюнча белгилүү адис Кундуз Жусупбекова, КР Күрөш боюнча чебери, доцент Максат Оморов мастер-класстарды өткөрүшөт.


Таза аба, ажайып кооз жаратылыш койнунда, телефонсуз, интернетсиз жүргөн өспүрүмдөр көӊүлү көтөрүлүп, таланты ойгонуп, чыгарма жазуусуна шарт түзүлөт.


Ошондой эле катышуучуларды ынтымакка бириктирген чогуу оюндар, флешмобдор уюштурулат, ар кандай темаларда талкуулар болот жана кино көрсөтүлөт.


Өспүрүмдөр ак илбирстер жердеген бийик тоонун жаратылыш шартынын сыноосунан өтүшөт.


Лагерь “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Германиянын жаратылышты коргоо союзу (NABU) тарабынан уюштурулуп жатат.